Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Крым татарларынын лидери Чубаров сыртынан кесилди


Крым татарларынын межилисинин лидери Рефат Чубаров. Киев. 16-январь, 2021-жыл.
Крым татарларынын межилисинин лидери Рефат Чубаров. Киев. 16-январь, 2021-жыл.

Орусия басып алган Крым жарым аралынын соту Крым татарларынын межилисинин төрагасы Рефат Чубаровду алты жылыга сыртынан кесип, айып пул төлөп берүүгө милдеттендирди.

Крым татарларынын межилиси Орусияда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган. Чубаров 2014-жылдын 26-февралында Симферополь шаарында «калайман башаламандык уюштурган» деген айып менен күнөөлүү деп табылды. Анда крым татарлары Орусиянын аннексиясына каршы акцияга чыгышкан.

Украинанын жараны Чубаров учурда Киевде жашайт.

Жарым аралды аннексиялап алгандан кийин украиначыл ондогон активисттер, крым татарлары соттолгон. Алардын айрымдары Орусияда террордук деп эсептелген "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө деген шылтоо менен камалган. Украинада аталган уюмга тыюу салынган эмес.

XS
SM
MD
LG