Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Түркиянын элчилигинин астында акция өтүп жатат


Орхан Инандыны табуу талабы менен Түркиянын Кыргызстандын элчилигинин астында өткөн акция
Орхан Инандыны табуу талабы менен Түркиянын Кыргызстандын элчилигинин астында өткөн акция

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табуу талабы менен нааразылык акциясы өтүүдө.

Акцияга чыккандар “Билим бергендерге тийбегиле”, “Табылсын” деп жазылган кагаздарды кармап турат. Алар элчиликтен чыккан автоунааларды текшерүүнү, ичин көрсөтүүнү талап кылып жатышат.

Жактоочу Зоотбек Кудайбергенов такталбаган маалыматтар боюнча Инанды Бишкек шаарында күч менен кармалып турушу мүмкүн экенин айткан.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG