Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Кумтөр: депутат Рыскелди Момбеков суракка барды


Рыскелди Момбеков. 7-апрель, 2019-жыл.
Рыскелди Момбеков. 7-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берүүдө. Ал атайын кызматтын имаратына саат 15:00дө кирип кетти.

Момбеков Кумтөр иши боюнча суракка чакырылганын, тергөөчү аны күбө катары үч суроого жооп берип кетиңиз деп чакырганын айткан.

Депутат эмнеге суракка чакырылып жатканын түшүнбөй турганын билдирген.

"Коллегаларыңыздын баары Кумтөр боюнча суракка чакырылып жатат, ошол боюнча сурайбыз деди. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында болбосом, 2009-жылкы келишим түзүлүп жатканда оппозицияда жүрсөм, анан кандайча Кумтөрдүн ишине аралашып калганымды өзүм дагы түшүнбөй жатам. Асылбек Жээнбековдун жактоочусу айтпадыбы, 2012-жылы Садыр Жапаровду колдобой койгону үчүн камап жатат деп. Мени деле Акылбек Жапаровду колдобой койгонум үчүн чакырган болушу мүмкүн. Кумтөр алтын кенин текшерүү комиссиясынын корутундусуна карата өзгөчө пикирим өзгөчө адамдарга жакпай калышы мүмкүн".

Момбеков Кумтөр алтын кенин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлганда ал өзгөчө пикир менен чыккан.

УКМК бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыкты. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG