Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Милиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү


Орхан Инанды. Архивдик сүрөт.
Орхан Инанды. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу 1-июнда Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер кирди. Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган жерден анча алыс эмес кичи райондогу үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейи, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. (RK/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG