Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн митингге чыгары айтылды


Жээнбеков менен Зулпукаровду колдоо акциясы.
Жээнбеков менен Зулпукаровду колдоо акциясы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 1-июнда Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыгары айтылды.

Алар бул тууралуу 31-майдын түнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулганда билдиришти.

Митингден тышкары депутаттарды колдоочулардын элдик штабын түзүү да пландалууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

31-майда УКМК "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын маалымдаган.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев камалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG