Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

COVID-19: Түркияда чектөө эрежелери өзгөрдү


Айя-София мечити. Стамбул
Айя-София мечити. Стамбул

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 31-майдагы элге кайрылуусунда коронавирус пандемиясынан улам жабык турган кафе-ресторандар, тойканалар жана спорт залдар ачыла турганы айтылды.

Муну менен катар 1-июндан тартып Түркиядагы бала бакча жана башталгыч класстардын окуучуларына мектепте билим алууга уруксат берилди.

Бирок кечки саат 22.00дөн таңкы саат 05.00гө чейин өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси күчүндө калат. Ал эми Түркияга кыска мөөнөткө барган туристтерге бул чектөөлөрдүн тиешеси жок.

Ошондой эле чет өлкөдөн Түркияга барган ар бир жарандан ПЧР-тест милдеттүү түрдө алынат.

83 миллион калкы бар Түркияда 31-майда берилген маалымат боюнча, 12 миллиондон ашык жаран коронавирус эмдөөсүнүн экинчи дозасын алган. Учурда өлкөдө ооруга каршы вакцина 50 жаштан улууларга сайылууда.

Tүркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган.

Расмий эсепте өлкөдө COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 47 405 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 5 миллион 200 миңден ашты. Дагы 5 миллиондон ашык бейтап коронавирустан сакайып чыкты.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок өлкөдө вируска каршы эмделген бир катар мигранттар бар экени кабарланды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG