Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Экс-депутаттар Пирматов менен Узакбаев коррупцияга шектелип кармалды


Кумтөрдөгү кен казуу
Кумтөрдөгү кен казуу

Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

31-майда Пирматов менен Узакбаев Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Коррупция) негизинде кылмышка шектелип, УКМКда сурак бергенден кийин кармалды.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда экс-депутаттардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

28-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Пирматовдун депутаттык мандатын өзүнүн арызы боюнча алган.

Узакбаев 2010-жылы "Ар Намыс" партиясынан шайланган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да УКМКга суракка барганы кабарланган.

"Азаттыктын" кабарчылары Жээнбеков менен Зулпукаровдун ондогон тарапташы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулганын билдиришти.

31-майда атайын кызмат "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалганын расмий бышыктады.

Өткөн аптада Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG