Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Британия ооган кызматкерлерин чыгарып кетүүнү тездетет


Ооганстандагы НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери.
Ооганстандагы НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери.

Британия Ооганстанда алардын аскерлери менен кызматташып келген ооган кызматкерлерин көчүрүүнү тездетерин айтты. Буга чейин 1400 оогандык, негизинен котормочулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Британияга көчүрүлгөн.

Өкмөт билдиргендей, дагы үч миңдей адам чыгарылып кетет. Британиянын коргоо министри Бен Уоллес британ аскерлери менен кызматташкан жергиликтүүлөр «көп нерсени курмандыкка» чалышканын айтты.

Өткөн айда АКШ президенти Жо Байден калган 2500-3500 америкалык аскерди жана алар менен кызматташкан миңден ашуун жергиликтүүлөрдү алып чыгып кетерин билдирген. Ошондой эле жети миңден көп НАТОнун аскерлери чыгарылары маалым болгон.

28-майда америкалык штаттардын жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин башчысы, генерал Марк Милли Ооганстандагы АКШнын жана коалициянын күчтөрүнө соңку 20 жылдан бери иштеген котормочуларды жана башка кызматкерлерди чыгарып кетүү планы каралып жатканын билдирген.

АКШ күчтөрү менен кызматташкан 18 000 миңдей ооган котормочулары, атайын кызматтардын өкүлдөрү жана башка кызматкерлер иммиграция визасын алуу үчүн Америкага документ тапшырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG