Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Бөлтүрүк: "Кумтөрдүн" финансы жана IT бөлүмдөрү толук иштеп жатат


Кумтөр алтын кени жайгашкан тоо кыркалары.
Кумтөр алтын кени жайгашкан тоо кыркалары.

"Кумтөр Голд" компаниясына сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк бул ишкананын финансы жана IT бөлүмдөрүнүн иштөө жадыбалы калыбына келгенин кабарлады.

Бул тууралуу маалыматты ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 31-майда жайгаштырды.

"Мен сиздер менен жакшы жаңылыктарды бөлүшкүм келет. Биздин финансы жана IT бөлүмдөрүнүн аракети менен жумушчулардын иштөө графиги жана убакыт таблицалары программасы толук калыбына келтирилди. Бул эмгек акы төлөө үчүн талап кылынат. Биз "Centerra Gold" компаниясынын "Кумтөр Голд" ишканасынын ресурстарына бөгөт койгон санариптик көйгөйдү чечтик. Кызматкерлердин алдындагы бардык милдеттенмелерибизди өз убагында жана толук түрдө аткарып жатабыз", - деп жазган Бөлтүрүк.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Канададагы “Центерра Голд” компаниясы Жогорку Кеңештин “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү боюнча чечимине жооп берип, парламенттин соңку чечими “Центерра” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишимдердин алкагындагы милдеттемелерине каршы келери белгиленген.

17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG