Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:01

Маалымат тууралуу мыйзам долбоору кайра жазылат


"Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралган күнү, 25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш. Бишкек. 2020-жыл.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн депутаттар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган топ түзүлдү.

Жарандык активисттер бул долбоорго каршылыгын билдирип келет. Ушуга окшош документ Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да сунушталып, бирок каршылыктардан улам кабыл алынган эмес.

Атаандаштарга тузак

31-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комитети бул мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча атайын топ түзүүгө макулдугун берди. Топтун курамына баштапкы долбоордун авторлору Гүлшат Асылбаева, Айгүл Осмонова баштаган бир катар депутаттар, маданият жана маалымат министринин орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)кызматкерлери кирди.

Президенттин парламенттеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Алмаз Айылчиев топко атайын кызматтан өкүлдөрүн киргизүү зарылчылыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Макулдашуу тобуна кошумча мамлекеттик органдардан да өкүлдөр кириши керек. Юстиция министрлигинен, Экономика жана каржы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана УКМКдан да өкүлдөр кирсин. Анткени, бул жерде техникалык жактан маселелер бар. Ага жараша бул министрликтердин өкүлдөрү топко киргизилгени туура болот. Алар кесипкөй адис катары маалымат, кеңеш, сунуш беришет".

Комитет мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин пикиринде, "Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбоору кайрадан каралбашы керек. Ал долбоорду жокко чыгарууга аракет жасаларын билдирди:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Мыйзам долбоору былтыр эле коомчулуктун кандай сынына кабылганын жакшы билесиздер. Бир канча жолу митингдер өткөн. Мурдагы президент аны артка кайтарган. Азыркы президенттин демилгеси менен буга байланыштуу макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Комиссия кайра эле мурунку мазмундагы мыйзам долбоорун алып келсе, туура эмес болот. Анткени, бүгүнкү күнү бүтүндөй кыргыз коомчулугу өлкөдө болуп жаткан окуяларга ой-пикирлерин, сунуштарын, сындарын интернет аркылуу билдирүүгө жетишти. Бул эркиндиктен ажыратып коюуга жол берилбейт. Бул мыйзамдын зарылчылыгы жок. Ошондуктан, аны четке кагып, комитет аркылуу жокко чыгарууга аракет жасайбыз".

Депутаттар Асылбаева менен Осмонова сунуштаган мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган.

Жарандык активисттер мыйзам "бийликке ыңгайсыз адамдарга каршы гана иштеп калат" деген кооптонуусун билдирип келишет. Саясатчы Равшан Жээнбеков мыйзам сөз эркиндигине да каршы курал болушу ыктымалдыгын эскертти:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Жалпыга маалымат каражаттары болобу, провайдерлер болобу, азыр интернет аябай эркин. Фейк аккаунттардын бирин ачып, экинчисин жаап, жашыруун аттар менен жазып аткандарды көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, аларды таба албай, ЖМКларды, журналисттерди, активисттерди камап, жазалап, кылмыш ишин козгоо ыктымалдыгы жогору. Буга чейинки бийликтер деле мындай мыйзамдарды тандалма, өзүнө жакпаган, ыңгайсыз адамдарга каршы колдонуп келген".

Фейктер фейктерге каршы

Талдоочу Сейтек Качкынбаев да учурда интернет колдонуучулар фейк маалыматты так маалыматтан аңдап калган убакта мындай мыйзамдын зарылчылыгы жок деп эсептейт:

Сейтек Качкынбаев.
Сейтек Качкынбаев.

"Коом азыр ким фейктерди жетектейт, ким алардын үстүнөн акча жасайт, баарын билип, түшүнүп калды. Алар тараткан маалыматтарды деле билип бүттүк. Көпчүлүк андай маалыматтарга мыйыгынан күлүп, тим болууда. Ошондуктан, коомду фейктерден коргойбуз дегендин өзү туура эмес. Бул мыйзам кабыл алынса, бийликтин оппоненттерин, оппозицияны чабыш үчүн колдонулуучу ыкма болуп калышы толук ыктымал".

Мыйзам долбоорунун демилгечилери жана колдоочулары мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөрүн билдирип келишүүдө. Алардын бири, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов:

Бактыбек Райымкулов
Бактыбек Райымкулов

"Эгерде такталган, туура маалыматты жашынбай, өз атынан жазса жакшы. Бирок азыр андай болбой жатпайбы, сөз эркиндиги деп таза аша чаап кеттик. Ошонун айынан инвесторлор келбей, мамлекетибизде тынчтык болбой жатат. Тартип болушу керек. Ал үчүн мындай мыйзамдар бизге зарыл ".

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 25-июнда экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда, былтыр 3-августта бул мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамасына ылайык, Кыргызстандын медиа эркиндиги боюнча упайы начарлаган.

180 өлкөнү камтыган жалпы рейтингде Кыргызстан 79-сапта турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG