Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Сөз эркиндигине сөөмөй кезегендер


25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш.
25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш.

Кыргызстан дүйнөдөгү басма сөз боюнча индексте үч баскычка алдыга жылганы менен иш жүзүндө өлкөдө басма сөз эркиндиги начарлап жатат.

Бул тууралуу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье билдирди.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюм “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамасын 20-апрелде жарыялады.

“Кыргызстандын рейтинги жогору көтөрүлгөнү менен глобалдык упайы начарлады. Бул “механикалык эффект” деп аталат. Рейтингдеги башка өлкөлөрдө абал Кыргызстандагыдан да көбүрөөк начарлагандыктан алар артка кетип, Кыргызстан алдыраак орундарды ээлеп калды”, - деди Жанна Кавелье.

180 өлкөнү камтыган жалпы рейтингде Кыргызстан быйыл үч баскычка алдыга жылып, 79-сапка чыкты. Бирок өлкөнүн медиа эркиндиги боюнча упайы начарлаган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган иликтөөчү-журналист Болот Темиров Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жакшыра электигин айтты.

Болот Темиров
Болот Темиров

«Артка кайтуу бир аз бар. Ошол эле Жээнбеков, Атамбаев учурундагы абал уланууда. Райымбек Матраимовдун соту деле аягына чыккан жок. Коркутуу токтой элек».

Болот Темировду 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырып келет. Окуядан бир ай мурун «FactCheck» сайты Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана анын уулунун кымбат баалуу сааттары, кийим-кечеси, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган.

"Азаттыктын" өнөктөштөрү менен бирге жасаган иликтөөсү. 19-декабрь 2020-ж.

Кийинчерээк журналистти урган үч адамды милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга камаган. Алар “Бейбаштык” жана “Тоноо” беренелеринин негизинде айыпталып, сот аларды эки жарым жылдан абакка кескен, бирок аларга мунапыс колдонулуп, айып пул менен бошотулган. Болот Темиров аны сабаган балдар кармалганы менен, буйрук берген адам табылбай калганын айтты.

«Аткаруучулар кармалып соттолушту, ал эми ким буйрук берген издешкен деле жок окшойт».

Ушул жылдын 28-февралында Ош шаарында экс-бажычы Райымбек Матраимовду колдогон митингде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттеринин ишине тоскоолдук жаралып, чагым уюштурулган.

Райымбек Матраимов коррупциялык ишмердигин моюнга алуу менен мамлекетке 2 миллиард сом төлөгөн. УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Кийин атайын кызмат Матраимовду кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда кайра камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Атайын кызматтын бул билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов экс-бажычы Райымбек Матраимовдун коррупциялык ишмердигин иликтеген журналист Али Токтакуновго “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, укуктук баа алышы керек деп жазды.

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

«Жакында мамлекетибиздин коопсуздук органдары аны (Матраимовду) актап, адилет чечимин чыгарып берди», - деген депутат.

Шайлообек Атазов 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Матраимовдордуку делген “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова депутат Атазовдун жазганы манипуляция гана эмес, түздөн-түз коркутуу экенин айтат.

«Бул манипуляция гана эмес, коркутуу. Атазов деген Матраимовдун “Эрем” деген спортканасында иштейт. Улуттук коопсуздук комитети Райым Матраимовдон 2 миллиард сом алганы - анын коррупционер экенин мойнуна алганы. Иликтөө жүргүзүү журналисттин иши. Ал эми депутат коррупционерге болушпай, журналист көтөргөн маселеге көңүл бурушу керек».

Кыргызстанда журналисттерди суракка чакырган учурлар да арбыды. Акыркы эки айда эле президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова, журналист Нурзада Токтогулова, блогер Юлия Барабина, "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов, “Ханституцияга каршы” борборунун мүчөсү журналист Эрлан Бекчоро уулу суракка чакыртылды.

Журналист Канат Каниметов Балыкчыдагы ата-энесинин үйүнө милиция кызматкерлери түнкү саат 11де барып, туугандарына ар кандай суроолорду бергенин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Каниметов муну журналисттик кесиби менен байланыштырууда.

Канат Каниметов
Канат Каниметов

«“Апрель” телеканалында иштеп жатып, бийликти кез-кезде сындап калабыз да. Ошол себептен мага кысым катары баалайм. Себеби, Бишкекте жашарым айдан-ачык эле көрүнүп турат да. Эмнеге Балыкчыдагы үйгө барып, туугандарымдын тынчын алат, үйүңөрдү тинтебиз деп коркутат? Бул кадимки басым. Мени коркутуш керек болуп жатат деген ой кетти. Көп бийликти сындаба, унчукпа дегендей бийлик тараптан белги катары кабыл алып жатам».

Канат Каниметов өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыккан. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча күбө катары өтүүдө. Канат Каниметов атайын кызматтын тергөөчүсү Санжар Жантаев сурак учурунда орой мамиле кылганын, "сот учурунда сүрөткө тартсаң, камап коем" деген коркутуу болгонун жазган.

Коомдук ишмер, жаңы Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев Кыргызстанда эркин журналист катары иштөө кооптуу деген ойго кошулбайт.

«Борбор Азиядагы мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги ашыгы менен бар десек болот. Кысымдын да белгилери жок эмес, бар. Керек болсо дүйнөлүк масштабда караганда деле Кудайга шүгүр. Кысым көрсөтүп, журналисттердин өмүрүнө кооптуу кырдаал түзүлүп жатканын байкаганым жок. Мурдагы бийлик учурунда таяк жеген, кээ бирөөлөр киши колдуу болгон учурлар болгон. Азыр андайды байкаган жокмун».

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев Кыргызстанда журналисттердин ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан атайын тоскоолдук жараткан механизмдер киргизилген учур жок экенин билдирди. “Бирок, социалдык тармакка жазган пикири үчүн куугунтук тынчсызданууну жаратпай койбойт” дейт Султанбаев.

«Бизде социалдык тармактар абдан активдүү. Жарандардын бардык катмары өз ой-пикирин кеңири билдирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Айрым блогерлерге өз көз карашы үчүн куугунтук болуп жатканы тынчсызданууну жаратат. Биз бийлик органдарынан мындай фактыларга мыйзам чегинде мамиле жасалышын талап кылат элек».

20-апрелдеги парламент комитетинде камактагы активист, Садыр Жапаров баштаган бийликти сындап жүргөн Тилекмат Кубайберген уулунун маселеси көтөрүлдү. Депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушевден активистти үй камагына чыгарууну суранды.

Тилекмат Кудайберген уулу 15-мартта камакка алынган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан. Активист 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйүндө жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын башкы прокурор мыйзамдын алкагында карап чыгууга аракет жасарын айтты. Курманкул Зулушев парламентте сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров менен ага айтылып жаткан сын-пикир, шылдыңдоо тууралуу сүйлөшкөнүн, президент аларга чара көрүүгө каршы экенин айтты.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

«Президентке кандай деген ар-намысына шек келтирген сөздөр айтылып жатат. Улуттук коопсуздук комитетине “президенттин укугун коргогула” деп тынбай кат келип жатат. Бул боюнча мен президент Садыр Жапаров менен сүйлөштүм. Азыр мыйзам боюнча президент моралдык кенемтени өзү аныктап же макулдук бериш керек. Бул киши өзүнө карата "бир дагы билдирүүгө, шылдыңдоого эч качан жооп бербегиле, биз демократиялык мамлекетпиз, ар ким каалганын айтсын, коомчулук өзү таразалап алат" деди».

2017-жылы баш прокурор болгон Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин макулдугу менен анын ар-намысын коргоп, “Азаттык” радиосун, “Заноза” басылмасын, юрист Чолпон Жакупованы сотко берип, ири суммада акчалай доо койгон.

Кийин Башкы прокуратура арызын кайтарып алган. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин интервью берип жатып, журналисттер менен соттошконуна өкүнөрүн айткан.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2019-жылдын аягында «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берип, «Азаттыкка» 22 миллион, “Клоопко” 12 жарым миллион, 24.kg агенттигине 15 миллион сом доо койгон.

2020-жылы Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам кабыл алып, президенттин кол коюусуна киргизген. «Бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындаган активисттер «#REакция» деп аталган акция өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды артка кайтарган.

2020-жылы 3-мартта белгисиз адамдар “ПолитКлиника” онлайн-медиасынын кеңсесине түн жамынып кирип, документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Өткөн жылдын 7-июнунда Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюлган. Кылмышкерлер “3-канал” жайгашкан имараттын терезесин талкалап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргытып кетишкен.

4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки элдик тополоң маалында да журналисттерге кол салып, ар кандай топтор тарабынан медиа тармагына басым жасалган окуялар көп катталды.

Борбор Азияда аймагында Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялайт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG