Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Милиция Гүлзат Аалиева диний кастыкты козутууга байланыштуу кармалганын маалымдады


Гүлзат Аалиева.
Гүлзат Аалиева.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн маалымат кызматы илимпоз Гүлзат Аалиева Жазык кодексинин 313-беренеси - «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча шек саналып кармалганын тактады.

Мекемеден билдиришкендей, Аалиеванын үстүнөн 19-февралда борбордун жашоочусунан арыз түшкөн.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертиза дайындалган.

«Экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, кармалган адамдын социалдык түйүндөгү билдирмелеринде кайсы бир динге же аны тутунган кишилерге чагымчыл аракеттердин лингвистикалык белгилери жана кайсы бир динди жана аны тутунгандарды кемсинткен, терс эмоционалдык баа берген жана тескери мамиле кылган белгилер аныкталган», - деп айтылат милициянын маалыматында. Тергөө иштери уланууда.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө камакка алынганын анын бир тууганы Нурзат Аалиева «Азаттыкка» билдирген. Алгач ал күбө катары кирип, кийин шектүү катары кармалган.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын "социалдык тармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат" деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду.

Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Буга чейин анын постторуна нааразы болгон ондогон жаран укуктук жардам сурап кайрылганын, анын негизинде арыз жазышканын айтууда.

Милициядан илимпоздун кармалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG