Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

COVID-19: Беш адам каза болду, 380 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 380 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 22-апрелде Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (246) жана Чүй облусуна (91) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон учур катталды.

22-апрелге карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 164 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 миң 6 кишиге жукту. Анын 87 миң 554ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1566 адам кайтыш болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG