Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Жогорку Соттун жетекчиси болуп Нургүл Бакирова шайланды


Нургүл Бакирова.
Нургүл Бакирова.

22-апрелде Жогорку соттун судьялары Жогорку Соттун төрайымы кызматына Нургүл Бакированы, анын орун басарлыгына судья Качыке Эсенкановду бир добуштан колдоп, шайлашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Изати Шүгүралиева кабарлады.

Нургүл Бакирова буга чейин төрайымдын орун басары болчу, соңку мезгилдери төрайымдын милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан.

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотууну 31-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке сунуштаган. Парламент ошол эле күнү бул сунушту колдогон.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда өзүнө карата коюлган айыптарды "негизсиз" деп билдирген.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын билдирген. Жогорку Соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган айыптарды четке кагып, билдирүү тараткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG