Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата иш козгодук


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча. Ооба, ага карата кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат. Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат».

Ташиевдин айтымында, сөз «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупция тууралуу болуп жатат жана бул үчүн эки ишкананын жетекчиси кармалган. Атайын кызмат Жогорку сот IT-компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке 8 миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт.

Жогорку сот азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG