Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын алып жатат


Кыргызстан эки коңшусу - Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын 11-марттан баштап товар алмашуу ыкмасында ала баштады.

Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында билдирип, муну «Токтогул» ГЭСиндеги суунун тартыштыгына байланыштырды.

«Быйыл Казакстан бизге 900 миллион кВт\саат электр энергия берет. Аны биз үч жыл аралыгында жылына 300 миллион кВт\саат менен кайтарабыз. Ушул эле ыкма менен Өзбекстандан 750 миллион кВт\саат алууну сүйлөштүк, аларга да үч жылда кайтарабыз».

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кошуналардын эсебинен колдонуп, «Токтогул» гидроэлектр станциясына (ГЭС) суу толтурмакчы.

Өлкөнү электр менен камсыздаган эң башкы – «Токтогул» ГЭС камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 21-апрелде 8,6 млрд. куб метрге чейин түштү. Энергетика жана өнөр жай министрлиги электерди пайдалануу азыркыдай шартта улана берсе, келерки жылдарга суу 5-6 млрд. куб метрге чейин ылдыйлашын маалымдаган.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суунун көлөмү 6 млрд. куб метрге түшкөндө ГЭСте авариялык абал жаралат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG