Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Чехия орусиялык бардык дипломаттарды чыгара турганын эскертти


Якуб Кулбанек. 21-апрель, 2021-жыл. Прага.
Якуб Кулбанек. 21-апрель, 2021-жыл. Прага.

Чехиянын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Якуб Кулганек 21-апрелде Орусиядан чыгарылган чехиялык дипломаттардын баарын иш ордуна кайтарууну талап кылды.

Бул талапты Москва саат 12.00гө чейин аткарбаса, Прагадагы орус элчилигиндеги дипломаттардын баары чыгарылып, беш киши гана кала турганын эскертти.

Орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова буга 22-апрелде "Чехиянын элчиси менен сүйлөшүү уланат" деп жооп берди.

"Прагага шартты НАТОнун ичиндеги баарлашуу үчүн калтырууну сунуштайбыз", – деди Захарова.

Чехия орусиялык мурдагы офицер Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга катышы бар агенттердин 2014-жылы чех курал-жарак кампасындагы жарылууга тиешеси бар экенин жарыялагандан кийин эки тараптын мамилеси начарлап кетти.

17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш кампадагы жарылууга Орусиянын тиешеси тууралуу «анык далилдер» бар экенин жарыялаган. Бул үчүн орусиялык 18 дипломат Чехиядан чыгарылган.

Москва Праганын чечимине чехиялык 20 дипломатты өлкөдөн чыгаруу менен жооп кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG