Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Уу коргошундан кийин реанимацияга түшкөн бейтаптар


Уу коргошун чуусу: төрт адам өлүмдөн калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Уу коргошун чуусу: төрт адам өлүмдөн калды

Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду.

Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирүүдө.

63 жаштагы Дүйшөн Абдылдаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө 20-апрелдин таңында уу коргошунга ууланып, оор абалда "Тез жардам" менен жеткирилген. Ал ооруканага түшкөндө жүрөгү мүнөтүнө 150-160 ирет кагып, кан басымы нөлгө түшүп калган эле.

«Негизи мен бул дарыны көптөн бери эле ичип келе жаткам. Былтыр коронавирус жугуп, ооруп калганда да ичкем. Бул жолу ашыкча ичип алганымды өзүм сезип калдым. Эки-үч күндөй дене табым көтөрүлүп, тамагым ооруп, алым кетип, уйку качканда иче баштагам. Эки күн ичип, кадимкидей жакшы болуп калгам. Үчүнчү күнү башка тамактарга аралаштырбай эле койсом болмок экен, ашыкча болуп калды».

"Бардык органдары жабыркаган"

Бул ооруканага отуз жылдан бери аконит же уу коргошунга ууланып он чакты гана бейтап кайрылган.

Ал эми акыркы үч жылда бир да киши ууланып келген эмес. Абдылдаевди дарылаган догдурлар "эгер бейтап дагы жарым саатка кечиксе, куткарууга мүмкүн болбой калмак" дешти.

Реанимация бөлүмүнүн башчысы, кардиолог-профессор Медет Бейшенкулов аконитке ууланган Абдылдаевдин боору, жүрөгү, бөйрөгү, уйку бези катуу жабыркаганын айтты.

«Бизге келип түшкөндө кан басымы нөл болуп калыптыр. Анализ алып жүрөгү, бөйрөгү, боору жана уйку бези катуу жабыркаганын аныктадык. Дароо өмүрүн сактап калууга шаштык. Бул бейтап эртең менен 8де бизге келген. Түшкү саат 2ден кийин гана араң уунун таасири тарап, аз-аздан калыбына келип баштады. Мындай уулангандарды куткаруу өтө оор, себеби бизге жүрөгү ооругандар жатат. Алар ууланганда дарылоо, ден соолугун кайра калыбына келтирүү кыйын. Организмге тарап кеткен аконит уусунун жанында жүрөктүн согушун бир калыпта кармай турган дарылардын таасири да алсыз болуп калат».

20-апрелде дагы үч бейтап уу коргошунга ууланып, Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, алар негизинен жашы 60-70тен өткөндөр.

Бөлүмдүн башкы дарыгери Улан Исманов бейтаптардын абалы тууралуу буларга токтолду.

«Азыркы тапта бизде аконитке ууланган үч бейтап жатат. Алардын экөө - жубайлар. Кечээ, 20-апрелде түштөн кийин келишти. Үчүнчү бейтап кечке маал түштү. Уу коргошун адамдын организми үчүн өтө кооптуу. Бейтаптардын баары жашы улгайып калгандар, бирөө 72 жашта, калганы алтымыштан өткөндөр. Азыр баары жакшы болуп калды. Адатта жаз, жай айларында аконитке ууланып келишчү. Дал ушул мезгилде уу коргошун гүлдөп, анын тамырын каза башташат. Ууланып калган адамды дарылоого токтолгондо аймактагы кесиптештериме да эскертүү бергим келет. Бейтаптын ашказанын жууганды кое туруп, керектүү дарыларды кан тамыр аркылуу сайыш керек. 5% лидокоинди сайып, жүрөктүн сокконун басаңдатуучу дарыларды берүү абзел. Буга кошумча дофамин сайып, кан басымды бир калыпка салуу зарыл».

Бейшеналиев табыпка баргандар үчүн жооп бербейт

Кыргызстанда ууланган адамдарды дарылаган Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна караштуу 14 орундуу бир гана токсикология бөлүмү бар, анда беш токсиколог-дарыгер эмгектенет. Аймактарда аконитке уулангандарды реаниматолог-анестезиологдор кабыл алып, биринчи жардам көрсөтүшөт.

Кокус уулануу массалык катталып абал курчуса, токсикология бөлүмүнө кошумча кыркка чукул орун ачууну пландап жатышат.

Cаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уулангандар боюнча "Азаттыкка" төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

«Эгер мен даярдаган акониттин тундурмасын ичпей, табыптардыкын ичип алышса жоопкерчилик албайм. Ар бир айылда, райондо Ысык-Көл тамыры менен дарылаган табыптар бар. Алар даярдап берген тундурмага ууланса биз жоопкерчиликти тартпайбыз да. Бирок меникине ууланса, мен толук моюнума аламын. Андай учур жок, болбойт дагы».

21-апрелде баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында уу коргошундун тундурмасы жалпысынан 400 бейтапка берилгенин билдирди.

Ал муну саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин бул чөпкө байланыштуу аракетин иликтөөнүн алкагындагы маалыматка таянып айтты.

«​400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур. Эч кимисинде уулануунун белгилери катталбаптыр. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет», - деди Зулушев.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров, андан кийин саламаттык сактоо министри журналисттер менен жыйын өткөрүп, коронавирусту жана башка дарттарды дарылоодо уу коргошундун пайдасы тууралуу айткан.

Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошундун тундурмасын дары катары колдонуу адамдын өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, бул аракетти сындап жатышат. Ошондой эле аны колдонууну түз эфирде көрсөтүп берген министрдин жоопкерчилигин кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Латынча Aconítum soongáricum чөбү Кыргызстанда уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны эл арасында өсмө (рак) жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонору айтылып келет. Бирок медицина аны колдонууга тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин билдирген.

Мындан кийин "Фейсбук" компаниясы президент Садыр Жапаровдун уу коргошунду жарнама кылган постун өчүрүп салган. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген. "Азаттык" радиосу президенттин басма сөз кызматына кайрылып, постту өчүрүү себебин сурап, жооп ала албады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG