Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

"Фейсбук" президент Жапаровдун уу коргошунга байланыштуу постун өчүрдү


Президент Садыр Жапаровдун дарыгерлер менен жолугушуусу, 15-апрель 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун дарыгерлер менен жолугушуусу, 15-апрель 2021-жыл.

"Фейсбук" компаниясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу "Азаттыкка" ырастады.

"Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз", - деп билдирди "Фейсбук" компаниясынын басма сөз катчысы.

"Фейсбук" компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кейт Хайестин президент Садыр Жапаровдун постунун өчүрүлүшү туууралуу жообу.
"Фейсбук" компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кейт Хайестин президент Садыр Жапаровдун постунун өчүрүлүшү туууралуу жообу.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери "Фейсбук" социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан "бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары" таап алышканын жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө "уу коргошун" деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган болчу.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы "Фейсбук" мамлекет башчысынын постун өчүргөнү тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG