Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Өзбекстанда карантин, Түркия казак вакцинасын чыгарат


Алматыдагы эмдөө борбору, 2-апрель 2021-жыл.
Алматыдагы эмдөө борбору, 2-апрель 2021-жыл.

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам 18-апрелден тартып карантин чаралары кайрадан күчөтүлдү. Ооругандар катталган бала бакчалар менен мектептер убактылуу жабылары кабарланды. Ал арада Түркияда Казакстанда даярдалган вакцина чыгарылганы жатат.

Ишембиде Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү комиссиянын кеңейтилген жыйынында, 18-апрелден тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөрүн билдирди. Өкмөт башчы өлкөдө ооругандар кескин көбөйө баштаганын белгиледи.

"Азырынча биз чек араларды жаппайбыз. Учурда биз бардыгын толугу менен токтотууга негиз болгон кооптуу жагдай көрө элекпиз. Бирок ооругандар көбөйө баштады. Жыл башында британ штаммы балдар арасында жайылып, бир катар мектептерди жана бала бакчаларды жабууга аргасыз болдук. Башкача айтканда, азыр вирус өзгөрүп, коркунучтуу болуп баратат. Эгерде буга чейин ал балдарга таасирин тийгизбесе, эми тескерисинче, ал тургай бала бакчалардагы балдарга таасирин тийгизип жатат".

Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов.
Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов.

Абдулла Арипов коронавирустан университеттердин 6-7% студенти, орто билим берүү мекемелеринин 11-15% окуучусу жабыркаганын, буга COVID-19дун Түштүк Африкадан чыыкан жугуштуу түрү себеп экенин кошумчалады.

Карантин чаралары катаалдаганынан улам жергиликтүү полиция жарандардын беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого эрежесине көзөмөлдү күчөтөт. Тартип бузгандарга жаза каралган.

Ооругандар катталган бала бакчалар жана мектептер эки аптага жабылат жана онлайн окутууга өткөрүлөт.

Ошондой эле коомдук транспорттордогу орундардын жарымы гана толсун деген талап бар. Муну менен катар 1-майдан баштап Өзбекстандa жабык жайларда концерттерди жана спектаклдерге өткөрүүгө тыюу салынат.

Өлкөнүн Инновация министрлигинин басма сөз кызматы, өлкөдө изилденип жаткан COVID-19га каршы эки вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине киргизилгенин билдирди.

Ташкенттеги эмдөө борбору, 1-апрель 2021-жыл.
Ташкенттеги эмдөө борбору, 1-апрель 2021-жыл.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 403 миңден ашты. Буга чейин Ташкент кытайлык компания иштеп чыккан ZF-UZ-VAK 2001, орусиялык “Sputnik V” вакцинасын каттоодон өткөргөн. Жакында Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцинадан 660 миң доза алганы кабарланган.

Казак вакцианасы Түркияда чыгарылат

Казакстандын вице-премьер-министри Эралы Тугжанов апрель айынын башында "QazCovid-in" вакцинасы Түркияда чыгарыларын кабарлаган.

"Биздин Түркия менен келишимибиз бар. Алардын өзүлөрүнүн вакцинасы жок, бирок күчтүү өндүрүш базасы бар. Алар менен заводдун өзүн куруу жана жабдууларды орнотуу тууралуу келишим түзгөнбүз. Бул Түркиядагы эң ири курулуш компаниясы. Шишелерге ал жакта куюлат, бирок вакцина биздики" деди Тугжанов.

Казакстандын вице-премьери Эралы Тугжанов.
Казакстандын вице-премьери Эралы Тугжанов.

Бирок аталган препарат үчүнчү фазадагы, чечүүчү сыноодон өтө электиги айтылды. Ал арада Казакстан түркиялык "Атабай Кимия" фармацевтикалык компаниясы менен 500 миң доза вакцина өндүрүү үчүн келишим түзгөнү белгилүү болду.

Буга чейин казак бийлиги вакцина өндүрүүчү завод курарын жарыялаган, бирок анын курулушу бүтө элек.

Былтыр Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев завод 2021-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилерин, анын курулушуна жети миллиард теңге (16 миллион доллардан ашык) каражат сарпталарын айткан.

Казакстанда соңку убакта коронавирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү эки миңге жакындап жатат. Бир жылдын ичинде, расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 250 миң адамга жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин божомолуна караганда, жакынкы үч айда эле бул оору дагы 250 миңден ашык адамга жугушу мүмкүн.

18-апрелге карата 700 миңге жакын казакстандык жаран коронавируска каршы эмделгени кабарланды. Казакстандыктар учурда Караганды шаарында чыгарылган орусиялык "Sputnik V" вакцинасы менен эмделип жатат.

Алматыдагы эмдөө борбору, 14-апрель 2021-жыл.
Алматыдагы эмдөө борбору, 14-апрель 2021-жыл.

Ошол эле учурда казак бийлиги эмдөөнүн жай жүрүшү жана вакцина менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынан улам сынга кабылды.

Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумган бейтаптардын саны үч миллиондон ашты. Бул ооруга 140 миллиондон ашык адам чалдыкты.

Коронавируска чалдыккан жана андан көз жумган адамдардын саны жагынан АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарында бул илдетке 32 миллиондон ашык адам кабылып, 580 миңдей бейтаптын өмүрү кыйылды. Оорудан эң көп жабыркагандардын сап башын Бразилия, Индия жана Франция ээлейт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG