Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Муфтият: Орозодо вирустан сактануу парз


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине карабастан Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө койбойт. Бирок гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат. Муфтият COVID-19 илдетине каршы вакцина алуу – орозону бузбайт деп маалымдады.

"Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон орозо кармоого арнадык.

Муфтият: Орозодо вирустан сактануу парз
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00
Түз линк

Теманы Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу талкуулашты.

- Бактыяр мырза, алгач Орозо айы менен куттуктайм.

- Рахмат, бирге болсун! Учурдан пайдаланып, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын атынан бардык мекендештерибизди Рамазан айы менен куттуктайм. Ушул айда жасалган кайрымдуулуктарга, жетим-жесирлерге болгон жардамга, ар кандай жакшылык иш-чараларга себепчи болгон жарандарыбызга Жараткан көптөгөн соопторду жазган болсун.

- Мусулмандар орозону экинчи ирет коронавирус шартында кармай баштады. Былтыр карантин чаралары күчөтүлгөн учурга туш келгендиктен, киши чогултуп ооз ачар өткөрүү болгон эмес. Быйыл тойлор, жыйындар болуп жатат, бирок оору токтогон жок. Муфтият ооз ачарга киши чогултууга кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизеби?

Бактияр Токтогазы уулу
Бактияр Токтогазы уулу

- 2020-жылы Орозо айы пандемия учуруна, карантин мезгилине туш келип, ооз ачуулар болгон эмес. Быйыл азырынча былтыркы жылдагыдай чектөөлөр жок. Бирок, мечиттерге келгенде беткап тагынуу, аралыкты сактоо талаптары дагы деле бар. Ошондуктан, биздин жарандар аралыкты сактап, өз коопсуздугун коргоого аракет кылып жатышат. Имамдарыбыз деле ушул тартипке чакырып, үндөп келишет. Кандай гана болбосун COVID-19 боюнча Республикалык штабдын талаптарын аткарууга тийишпиз.

2021-жылдагы Орозо айына муфтият ооз ачарларга азырынча эч кандай чектөөлөрдү киргизе элек. Эми Кудай талаадан илдет азайсын деп үмүт кылабыз. Жарандарыбызды бардык коопсуздук эрежелерин карманып, сактанып жүрүүгө чакырамын.

- Вакцина алуу орозону бузбайт деп муфтият маалымат таратты. Бул маалымат калың элге канчалык жетүүдө?

- Ооба, "вакцина орозону бузбайт" деген муфтияттын маалыматы тараган. Себеби, вакцина да кадимки эле ийне саюу. Ийне саюу, вакцина алуу, тамчылатма алуу - булар орозону бузбайт. Ошондуктан, биздин жарандар "коронавируска каршы вакцина алсам орозом булуп калат" деп, эч коркпостон вакцинаны ала берсе болот. Башка деле оорулар Рамазан айында болуп калышы мүмкүн. Аларды дарылоодо тамчылатма алса болот.

- Акыркы жылдары социалдык тармактарда маалымат алмашуу күчөп, айрымдар ооз жапканда да, ачканда да тамактардын сүрөтүн жарыялоону, орозо кармап жатканы тууралуу жумурай журтка жар салууну адат кылышкан. Ушул сымал көрүнүштөргө шарияттын көз карашы кандай? Орозо кармоо адеби жөнүндө кандай кеп-кеңештерди бере аласыз?

- Албетте, орозонун өзүнүн адептери бар. Орозодо тамак жеп, суусундуктарды ичүүдөн карманабыз. Ошону менен бирге орозонун кошумча руханий жагы да бар. Орозонун жалган айтпа, сөкпө, урушпа, талашпа, бирөөгө сөз ташыба, чагымчылдык кылба деген маанилүү жактары да бар. Орозо бул - бир мектеп. Биз мындан өзүбүздү тарбиялап, руханий жактан, физикалык жактан да башка айларга жете тургандай күч алабыз. Кудай талаа бизге ошондой мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Социалдык тармактарда даамдуу, кооз тамактардын алдында сүрөткө түшүп, аны элге жарыялоо кандайдыр бир деңгээлде ислам адептерине жатпаган иш-аракеттер десек жаңылышпайбыз. Ушундай даамдуу нерселерди көрүп, башка адамдар көз артпашы керек. Ичип, жесеңер ал ошол жерде калганы эле дурус болот.

- Быйылкы битир-садаганын көлөмү, анын түрлөрү тууралуу маалымат берсеңиз.

- Быйылкы битир-садаганын өлчөмү адаттагыдай эле өлкөнүн бардык аймактарындагы азыктардын баасына карап чыгарылды. Буудайдын баасына бычылганы ар бир адамга 40 сомдон, мейизден 640, ундан 56, арпадан 64, курмадан 512 сомдон туура келет.

Битир-садаганы ар бир үй-бүлө өзүнүн абалына, мүмкүнчүлүгүнө жараша ар кандай наркта, жагдайына карап бергени жакшы. Бай адамдар көбүрөк, орто жашаган адамдар орто баада берсе болот. Мунун бардыгы колунда жок адамдарга бир аз болсо да кубаныч болот.

- Мусулман коомчулугунда битир-садаганын мааниси, ролу кандай? Бул кадимки садакадан эмнеси менен айырмаланат?

- Мусулмандар үчүн битир-садаганын мааниси менен ролу өтө чоң. Эми бул диний ибадат болгондуктан Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы ушул нерсени көзөмөл кылып келет. Аймактарда битир-садаганы чогултуу иштери менен имамдар, диний аалымдар менен алек болуп, элге кызмат кылып келишүүдө. Коңшуларына, башка муктаж болгон адамдарга битир-садагасын берсе шарият ага жол берет. Битир-садака көбүрөк чогулса, аны көпчүлүк берсе, бул бей-бечараларга, муктаж болгон үй-бүлөлөргө пайдалуу болмок. Себеби, жону жука мекендештерибиз 200 же 400 сом алгандан көрө, 1000 же 2000 сом, андан көбүрөөк суммада алган жакшыраак болуп эсептелинет.

Заманбап технологияны колдонуп, битир-садаганы берүү да жолго коюлган. Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасы электрондук капчыктар, терминалдар аркылуу төлөгөнгө да шарт түздү. Мисалы, жарандарыбыз битир-садаганы "24Pay" терминалынан, “Мегакомдун” "MegaPay", “Билайндын” "Balance.kg", РСК банктын капчыгынан төлөсө болот. Азыркы учурда "Кыргызстан" банкынын тиркемеси аркылуу да төлөө жолдору тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул дагы биздин жарандарга болгон ыңгайлуу бир шарттардын бири десем жаңылышпайм.

Битир-садаганы берүү маанилүү. Аны берүүнүн эки себеби бар. Биринчиси - адам "биз тирүүбүз, ден соолугубуз жакшы. Рамазан айы жакшы өтүп жатат же аны жакшы өткөрдүк" деп ар бир жанга берилет. Үй-бүлөдө ата өзүнүн баккан балдарына жооптуу болгондуктан, ар бир баккан баласына берет. Ал эми өзү иштеген чоң балдар болсо, алар өзү үчүн бериши керек.

Экинчиси - Рамазан айында, орозо кармап жатканда кандайдыр бир кемчилик, ката болуп калышы мүмкүн. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп, бирөөнү сөгүп же капа кылышы ыктымал. Мындай учурларда орозодо болгон кемчиликтерди оңдоо иретинде да битир-садага берилет. Бул аалымдардын айткан сөзү.

Битир-садаганы муфтияттын өкүлдөрү чогултуп, тиешелүү жактарга тапшырып берүүсү, анын уюштуруучулук ролу да манилүү.

XS
SM
MD
LG