Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Муфтият: Вакцина орозону бузбайт


Кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе эч нерсе болбойт”.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Рамазан айы болжолдуу 13-14-апрель күндөрү башталат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. (MiK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG