Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Корей парламентинин төрагасы Ысык-Көлдөгү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көрөт


Корей улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сокту Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Корей улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сокту Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Бүгүн, 3-апрелде Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Пак Бёнг Сок 3-5-апрель күндөрү Кыргызстанда бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле корей делегациясы Ысык-Көл облусуна барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.

2019-жылы Түштүк Кореянын ошол кездеги премьер-министри Ли Нак Ён баштаган расмий делегация расмий сапар менен Бишкекке келип кеткен. Анда соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстил өнөр жайы, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкууланган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Түштүк Кореянын миңден ашуун ишканасы бар.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн. жакын долларды түзгөн. Андан кийинки жылдардагы экономикалык кызматташтыктын жыйынтыгы тууралуу расмий маалымат таратылган эмес. (MiK)

XS
SM
MD
LG