Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Садыр Жапаров Баткендеги машыгуунун маңызын түшүндүрдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Баткендеги Бужум аскер полигонуна келип, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына байкоо салды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Садыр Жапаров дүйнө жүзүндө конфликттик потенциал курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылып жатканын белгилейт.

Ал мындай шартта мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жооп кайтаруу маанилүү экендигин кошумчалады.

Ушундан улам өлкө аймагында жана чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу абзелдигин белгиледи.

Садыр Жапаров бул машыгуулар Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия аймагынын коопсуздугун бекемдөө ишине кошулган салым кошот деп эсептейт.

Коргоо министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абадда боло турган машыгуулардын максаты – аймактык бийликтердин аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткарышына даярдоо экенин билдирген. Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100дөй автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, 10дой авиациялык техника тартылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG