Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Хатайда эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сейил багы ачылды


Түркиянын Хатай шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сейил багы.
Түркиянын Хатай шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сейил багы.

2-апрелде Түркиянын Хатай шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сейил багы ачылды. Сейил бак Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Ачылышка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын Түркиядагы элчилери катышты.

11 миң чарчы метрди түзгөн сейил бакта түрк тилдүү мамлекеттердин акындары менен катар, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели, сүрөт галлереясы орун алган.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам бир жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өткөн.

Ал эми быйылкы жылды «Юнус Эмре жана түрк тили» деп жарыялаган. (ElB)

XS
SM
MD
LG