Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Мырзакматов “Ата Журт-Кыргызстан” партиясын административдик ресурс колдонууда деп сындады


Ош шаары. 3-апрель, 2021-жыл.
Ош шаары. 3-апрель, 2021-жыл.

“Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын жетекчиси Мелис Мырзакматов 3-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында эл менен жолугушкан учурда алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо негизги атаандашы болгон "Ата Журт - Кыргызстан" партиясын "адмнистративдик ресурс колдонуп жатат" деп сындап чыкты:

“"Ата-Журт Кыргызстан” партиясы өткөн жылдагы октябрь окуясын эсинен чыгарды. Ошол учурда борбордук аянтка чогулган эл мэр менен өкмөт өкүлүн кууп чыкпады беле. Аны беш күндө унутушту. Ар кайсы жерде биз бийликтин партиясыбыз деп үгүт кылып жүрүшөт. Шайлоодо “Биримдик” менен "Мекеним Кыргызстан” партияларында жүргөндөр эми “Ата Журт - Кыргызстан” партиясына кирип, өздөрүн бийликтин партиясы деп атап жатышат”, - деди Мырзакматов.

«Ата Журт -Кыргызстан» партиясы бул билдирүүгө комментарий бере элек. Аталган партия шайлоого алгач ирет катышып жатат. Ал өлкө боюнча эң көп - 21 шаарда талапкерлерин көрсөткөн жалгыз партия.

31-марта Оштогу тогуз партиянын бешөө шайлоо өнөктүгүндө бул партия административдик ресурс колдонуп, добуштарды сатып алып жатканын айтып президентке кайрылышкан. "Ата Журт - Кыргызстан" мындай дооматтарды «далилсиз» деп, четке каккан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул партия ага таандык экени тууралуу маалыматтарды төгүндөгөн.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-апрелге белгиленген. (MrA)

XS
SM
MD
LG