Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Европа Биримдиги АКШнын ЭКСнын прокуроруна чектөөнү алып салышын кубаттайт


Эл аралык Кылмыш соту (ЭКС). Гаага шаары, Нидерланддар. 2019-жылдын 7-ноябры.
Эл аралык Кылмыш соту (ЭКС). Гаага шаары, Нидерланддар. 2019-жылдын 7-ноябры.

Европа Биримдиги АКШнын экс-президенти Доналд Трамптын өкмөтүнүн Ооганстандагы согуш кылмыштарын иликтөөгө байланыштуу Эл аралык Кылмыш сотунун (ЭКС) башкы прокуроруна каршы киргизген чектөөлөрүн азыркы америкалык өкмөттүн алып салышын кубаттап чыкты.

3-апрелде Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррелл билдирүү жарыялап: "Бул маанилүү кадам АКШнын эл аралык эрежелерге негизделген системага берилгендигин баса белгилейт", – деди.

"ЭКС (ICC) дүйнөдөгү эң үрөй учурган кылмыштардын курмандыктары үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. ЭКСнын бейтараптуулугун жана соттун көз карандысыздыгын коргоо – анын натыйжалуулугу жана талаптагыдай иштеши үчүн өзөккү мааниге ээ", – деди Боррел.

Бул билдирүү АКШ Эл аралык Кылмыш сотунун (ЭКС) жогорку даражалуу мүчөлөрүнө, анын ичинде Ооганстандагы америкалык аскер кызматкерлеринин согуш кылмыштары боюнча тергөө ишин баштаган прокурорго каршы Вашингон мурда киргизген чектөөлөрдү алып салган күндүн эртеси жарыяланды.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Мамдепартамент бул чектөөлөрдү "орунсуз жана майнапсыз" деп чечкенин 2-апрелде билдирген.

Чектөөлөр АКШнын экс-президенти Доналд Трамптын тушунда мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео тарабынан 2020-жылы киргизилген жана прокурор Фату Бенсуданы (Fatou Bensouda) жана соттун башка кызматкерлерин бутага алган.

ЭКСнын прокурору Фату Бенсуда (Fatou Bensouda) айым. Гаага шаары, Нидерланддар. 2019-жылдын 8-июлу.
ЭКСнын прокурору Фату Бенсуда (Fatou Bensouda) айым. Гаага шаары, Нидерланддар. 2019-жылдын 8-июлу.


Помпео Гаагадагы ЭКСни айыптап, Ооганстан аскер күчтөрү, талиптер кыймылы же АКШ аскерлери тарабынан жасалган деп жоромолдогон согуш кылмыштарын иликтөөгө уруксат берүү менен бул эл аралык сот АКШнын эгемендигине шек келтирди деп эсептээрин билдирген болчу.


ЭКС болсо Трамптын өкмөтүнүн чектөөлөрүн эл аралык укукка жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары мүнөздөгөн.

Мамкатчы Блинкен айырмалуу көз караштар чектөөлөр аркылуу эмес, сүйлөшүү жолдору аркылуу чечилиши керек деп жума күнү (2-апрелде) билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG