Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Гаага соту мусулмандардын ыйык эстеликтерин талкалаган исламчыл террорчуну соттоду


Ахмад ал-Махди
Ахмад ал-Махди

Гаага соту террорчулардын катарында согушуп, Малидеги тарыхый эстеликтерди талкалаган Ахмад ал-Махдини күнөөлүү деп тапты. Соттук териштирүүдө ал айыбын толугу бойдон моюнуна алып, Малидеги Тимбукту шаарында жайгашкан байыркы диний эстеликтерди талкалаганы үчүн катуу өкүнүп жатканын билдирди.

Сот залында сүйлөп жатып Махди дүйнөдөгү бардык мусулмандарга кайрылып, мындай кылмыш эч бир жакшылыкка алып келбесин эскертти жана андайга барбоого чакырды.

Махди 2012-жылы Тимбуктудагы тогуз мавзолейди тып-тыйпыл кылган радикалдар отрядын башкарган. Алардын көбү 14-кылымда, салтуу мусулман философиясынын негизги багыттарынын бири деп эсептелген суфизмдин бекемделиш доорунда курулган.

Ошентип Махди маданий объектилерди талкалаганы үчүн эл аралык сотто жоопко тартылган алгачкы экстремист болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG