Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Радован Каражич өмүр бою абакта болот


Радован Каражич Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда. 20- март, 2019-жыл. Нидерланд.
Радован Каражич Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда. 20- март, 2019-жыл. Нидерланд.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичти өмүр бою эркинен ажыратты. 2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Каражичти геноцид жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен.

Каражич буга макул болбой, апелляциялык арыз берген. 20-мартта анын арызын караган Эл аралык кылмыш соту мурдагы өкүм "жумшак" болуп калган деп тапты.

Нидерланддын Гаага шаарында жайгашкан Эл аралык кылмыш соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин доо арызын четке какты. Сотто прокурорлордун Каражичтен геноцид боюнча айыпты алып салган мурдагы өкүмдү жокко чыгарып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүчү да каралды. Жыйынтыгында Каражич кырк жылдык жаза мөөнөтүнүн ордуна, өмүр бою абакка кесилди. Өкүмдү даниялык судья Ваг Йоэнсен окуду.

​"Каражич жасаган кылмыштардын оордугун эске алуу менен 40 жылдык абак мөөнөтү туура эмес берилип калган деп табылды. Сот палатасы мындай чечим чыгаруу менен ката кетирген. Ал геноцид, адамзатка каршы кылмыштары, согуштун мыйзамдары менен табиятын бузганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Соттолуучу кылган кылмыштардын масштабы мурда болуп көрбөгөн жана катаал".

Үч жыл мурда Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Ал сот чечимине макул болбой Гаага сотуна апелляциялык арыз жазган.

20-мартта анын иши каралып жатканда соттун имаратынын сыртында Сребреница кыргынында жакындарын жоготкондор чечимди күтүп турушту. Алардын бири Фикрет Алич катаал жазалоодо аман калган:

"Мен сот өкүмүнө канааттандым. Гаага трибуналы кылмышкерге тиешелүү жазасын берди. Эми мындай кылмыштар дүйнөнүн бир да жеринде кайталанбайт деп үмүт артам”.

Сотко Каражичтин тарапкерлери да келишти. Ага карата чыккан азыркы өкүм акыркы болуп эсептелет жана кайра даттанууга болбойт. Соттолуучунун адвокаты Питер Робинсон Гаага сотунун чечими адилетсиз болгонун билдирди:

“Апелляциялык сот адилетсиз чечим чыгарды. Калыстык болбой калды. Ал күрөшүп келген. Бүгүнкү чечимден кийин дагы күрөштү улантарын айтты. Ал өзүнүн жактоочуларын кандайдыр бир зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды”.

Билими боюнча дарыгер-психиатр Радован Каражич 1980-жылдарда Серб демократиялык партиясын түптөгөн. 1992-жылы республиканын биринчи президенти болуп, 1996-жылга чейин бийликте турган.

Босния менен Герцеговинадагы жарандык согуш маалында босниялык сербдердин саясий лидери болгон. Ал 2008-жылы Белградда кармалып, Гаагага жеткирилген.

Кармалганга чейин Белградда Драган Дабич деген жалган ысым менен медициналык клиникалардын биринде дарыгер болуп иштеп, элдик медицина тууралуу китеп жазып жүргөнү ачыкка чыккан.

Каражичке негизинен 1995-жылы Сребреницада кеминде жети миң босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшүнө байланыштуу айып тагылган. Бул кандуу окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

Алгачкы соттук жараяндарда Каражич эч кандай далил жок деген негизде өзүнө тагылган айыптарды моюнга алган эмес. Кийин Сребреницадагы кыргын үчүн өзүнө баш ийбеген топ күнөөлүү экенин айткан. 73 жаштагы Каражич Югославия ич ара бөлүнгөн кезде бийликке келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG