Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Ооганстандагы аскердик кылмыштар иликтенет


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү. 4-март. 2020-жыл. Кундуз провинциясы.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү. 4-март. 2020-жыл. Кундуз провинциясы.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы ыктымал аскер кылмыштары, анын ичинде АКШ күчтөрү жасаган ырайымсыз иштер болгонун же болбогонун иликтөө жөнүндө чечим чыгарды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Эл аралык соттун бул чечимин сындады.

«АКШ менен "Талибан” кыймылы Ооганстанда тарыхый тынчтык келишимине кол койгондон көп өтпөй мындай чечимдин чыкканы акылга сыйбайт», - деди Помпео.

Мамлекеттик катчы Кошмо Штаттар Эл аралык соттун катышуучусу эмес болгондуктан, “өз жарандарын андан коргоо үчүн бардык тиешелүү чараларды көрө турганын” билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 5-март, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 5-март, 2020-жыл.

Ооганстан Эл аралык кылмыш сотунун катышуучусу болгону менен ооган аткаминерлери мындай иликтөөгө каршы экенин билдиришти.

5-мартта Эл аралык кылмыш соту 2019-жылдын апрель айында чыккан ​төмөнкү инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Бир жыл мурда Гаага сотунда судьялар прокурор Фату Бенсуданын Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтөө тууралуу өтүнүчүн бир добуштан четке кагышкан.

Укук коргоочу уюмдар Эл аралык кылмыш сотунун быйылкы чечимин кубатташты.

"Amnesty International" уюмунун өкүлү Соломон Сакко соттун чечими “согуштан жабыркап, көп жылдан бери көз жаздымда калып келгендердин адилеттүүлүккө болгон үмүтүн жандырганын” айтты.

Анткен менен Вашингтон кара өзгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн аталган соттун кызматкерлерине виза бербей турганын билдирди. Кошмо Штаттар Эл аралык кылмыш сотун түзүү боюнча Рим келишимин ратификация кылбаган ондогон мамлекеттердин катарына кирет.

2019-жылдын октябрь айында Human Rights Watch жарыялаган баяндамада ооганстандык өкмөттүк күчтөрдүн аракеттери аскердик кылмыштарга барабар экени белгиленген. Анда укук коргоочулар өкмөттүк күчтөр адамдарды эл алдында дарга асып, кишилерди уурдап, ооруканаларга чабуул койгон деген бүтүмгө келишкен. Кабул менен Вашингтон баяндамада жазылган маалыматтарды четке кагышкан.

Кошмо Штаттардын күчтөрү Ооганстанга 2001-жылы талибдер бийликтен кулатылгандан кийин кирген. Учурда ал жакта 13 миңдей америкалык аскер бар.

Алар жакында эле түзүлгөн «Талибан» кыймылы менен АКШ ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жыл аягына чейин чыгарылышы керек. 29-февралда Катардын баш калаасы Дохада макулдашылган келишимде Вашингтон бул кадамга менен «Талибан» кыймылы Кабулда ооган өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, дагы бир катар коопсуздук милдеттенмелерин аткарган шартта гана барары каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG