Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

АКШ талиб жоочуларына коргонуу үчүн абадан сокку урду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Гилменд провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочулары көзөмөл-өткөрмө бекетине кол салгандан кийин Кошмо Штаттар аларга абадан сокку урду. АКШ армиясынын өкүлү Сонни Леггетт бул коргонуу максатындагы чабуул болгонун белгиледи.

Мындан бир канча саат мурда АКШнын президенти Дональд Трамп аймактагы зомбулукту токтотуу боюнча «Талибандын» лидери, молдо Абдул Гани Барадар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, тараптар «мыкты баарлашканын» жарыялаган.

29-февралда АКШнын жана «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстандагы 18 жылдан ашкан согушту токтотууну көздөгөн келишимге кол коюшкан. Бул макулдашууга ооган өкмөтү катышкан эмес.

Тынчтык келишимине ылайык, 10-мартка карата Кабул 5 миңдей талибди, «Талибан» кыймылы болсо миңдей туткунду бошотушу керек. Учурда талибдердин 10 миңге чукул өкүлү ооган түрмөлөрүндө отурат.

Ооган президенти Ашраф Гани ооган өкмөтү келишим талап кылгандай 5 миң талиб туткунун бошотуу милдетин албаганын билдирген. Гани туткундарды бошотуу ооган өкмөтүнүн гана ыйгарым укугундагы маселе экенин белгилеп, ал Ооганстандагы ички сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине киргизилиши керек экенин кошумчалаган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстандагы куралдуу кагылыштарда былтыр 3,5 миңдей жай тургун каза болуп, дагы 7 миңдей киши жараат алганын маалымдаган. Бул көрсөткүч 2018-жылга караганда беш пайызга аз болгон.

XS
SM
MD
LG