Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Кабул талибдердин талабын четке какты


"Талибан" согушкерлери менен жергиликтүү тургундар тынчтык келишимине кол коюлганын майрамдашууда. Алингар чөлкөмү, Ооганстан. 2-март, 2020-жыл.
"Талибан" согушкерлери менен жергиликтүү тургундар тынчтык келишимине кол коюлганын майрамдашууда. Алингар чөлкөмү, Ооганстан. 2-март, 2020-жыл.

Дүйшөмбү күнү Ооганстандын Хост чөлкөмүндө футбол беттеши өтүп жатканда бомба жарылды. Карапайым үч киши өлгөнү кабарланды. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Анын алдында "Талибан" кыймылы “зомбулукту азайтуу” өнөктүгү соңуна чыкканын жарыялаган. 

Хост провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Хан Мангалдын айтымында, жардыруучу зат футбол талаасынын жанында токтоп турган мотоциклге коюлган. Жардыруу бир нече кишинин өмүрүн кыйып, бир нечеси жараат алган.

"Талибан" кыймылы, АКШ жана Ооганстан куралдуу күчтөрү 22-февралдан тарта бир жумага “зомбулукту азайтуу” өнөктүгү тууралуу макулдашкан.

АКШ анын шарттары аткарылса, талибдер менен тынчтык келишимине кол коюларын билдирип, өткөн ишембиде Катардын борбору Дохада дээрлик 19 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу багытында маанилүү кадам жасалды.

Бирок 2-мартта согушкер кыймылдын басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы “зомбулукту азайтуу” өнөктүгү “соңуна чыкканын” билдирди.

Ашраф Гани пресс-конференцияда. Кабул, 1-март 2020-жыл
Ашраф Гани пресс-конференцияда. Кабул, 1-март 2020-жыл

Алдыңкы күнү ооган президенти Ашраф Гани Кабул өкмөтү менен талибдердин 10-мартка белгиленген сүйлөшүүлөрү башталгыча, ок атышууну жарым- жартылай токтотуу макулдашуусун уланта беришерин айткан.

Ошол эле маалда жекшемби күнкү пресс-конференцияда ооган мамлекет башчысы “Талибандын” 5 миң туткунун 10 күндүн ичинде бошотуу талабын четке какты.

Гани андай маселени Кошмо Штаттар эмес, ооган өкмөтү чечерин, Вашингтон менен бул жаатта эч андай макулдашуу болбогонун билдирди:

"5 миң талиб туткунду кое берүүгө убада кылган эмеспиз. АКШнын чабарманы Залмай Халилзад жана башка расмий адамдар менен бул маселе боюнча көз карашыбызды ачык-айкын бөлүшүп келдик. Бул ооган элинин мыйзамдуу укугу".

Ишембиде Дохада тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин талибдердин жогорку өкүлү Кабулдун администрациясы менен диалогду баштоо алдында "10 күндүн ичинде 5 миң туткун бошотулууга тийиш" деп билдирген.

Ооганстандын Конституциясына ылайык, соңку чечимди Улуттук ассамблея - өлкө парламенти кабыл алууга, же болбосо маселени референдум жолу менен алып чыгышы абзел.

Президент кыймыл менен Кабул өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү шарт койбостон башталышы керек деди:

"Талибдер туткундарын бошотууну суранышкан. Бирок бул маселе сүйлөшүүлөрдүн бир гана бөлүгү болушу керек. Оогандардын өз ара диалогун баштоо үчүн мындай шарт кое алышпайт. Бул деген жакшы ниеттин ишараты болбоого да тийиш, себеби алар абактан чыгарылса, бир күнү ооган элине каршы чыкпайт деген кепилдик болушу шарт".

Президент анын өкмөтү Ооганстанда туруктуу тынчтык орнотууга, акыркы 19 жылдагы жетишкендиктер менен баалуулуктарды, анын ичинде аялдардын укуктарын сактап калууга болгон аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

“Талибан” тынчтык келишиминде каралган шарттарды аткарып, ок атышууну токтотсо, АКШ жана анын өнөктөштөрү ооган жергесиндеги аскерлерин бара-бара азайтышмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG