Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43

Абдулла Ганинин жеңишин таанычу түрү жок


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла. 13-февраль, 2019-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла. 13-февраль, 2019-жыл.

Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, азыркы президент Ашраф Гани экинчи мөөнөткө шайланды. Анын башкы атаандашы Абдулла Абдулла шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Ооганстанда беш ай мурун өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы 18-февралда гана жарыяланды. Баш калаа Кабулда уюштурулган басма сөз жыйынында Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын башчысы Хава Алам Нуристани азыркы президент Ашраф Гани жеңгенин билдирди:

Хава Алам Нуристани.
Хава Алам Нуристани.

«Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы Баш мыйзамдын 61-беренесине ылайык, 923 592 адамдын добушун же 50,64% добуш алган Ашраф Ганини Ооганстан Ислам Республикасынын президенти деп жарыялайт».

Бириккен өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу Абдулла Абдулла шайлоочулардын 39,52% добушун алып, экинчи орунду алды. Анын тарапташтары мындай жыйынтыкты таануудан дароо баш тартышты. Абдулла өзү бул күнү өткөргөн басма сөз жыйынында «биз жеңүүчүбүз жана биз өзүбүздүн өкмөтүбүздү жарыялайбыз» деп жар салды.

Ал эми үчүнчү орунду Ооганстандагы таанымал мурунку кол башчылардын бири Гүлбеддин Хекметияр ээледи. Бул ирет добуш берүүгө укуктуу тогуз миллиондой ооганстандыктардын 1,8 миллиону гана шайлоого катышкан.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо бир нече жолу жылдырылган.

2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнүп, мунасага келишкен эле. Бул жолу кандай болору азырынча белгисиз.

Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла.
Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла.

71 жаштагы Гани Колумбия университетинин антропология боюнча доктор даражасына ээ болгон. Дүйнөлүк банкта иштеген. Гарвард, Стенфорд сыяктуу окуу жайларында окуутучулук кызматты аркалаган. Негизинен 24 жыл чет жактарда иштеп жүрүп Ооганстанга талибдер бийликтен кулатылгандан кийин кайтып барган.

Ганинин экинчи мөөнөткө шайланганы расмий жарыяланардан бир күн мурда «Талибан» кыймылы менен АКШ зомбулукту азайтуу боюнча жети күндүк макулдашууга жетишкен. Ал келишим жакынкы беш күндүн ичинде күчүнө кириши ыктымал экенин Ооганстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Масуд Андараби 18-февралда билдирди.

Эмнеси болсо да Ооганстанда талибдердин чабуулдары токтой элек. 17-февралдын түнүндө талибдер өлкө түндүгүндөгү Кундуз провинциясындагы өткөрмө бекеттердин бирине кол салышты. Куралдуу кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин айтымында, алар 19 аскерди жок кылышкан.

Ал эми ооган коргоо министри «армиянын беш жоокери өлтүрүлүп, үчөө жарадар болду» деп билдирди. Министрлик талибдердин арасында да жоготуу бар экенин кошумчалады.

29-февралда Кошмо Штаттар менен «Талибан» тынчтык сүйлөшүүсүн «жыйынтыктай» турганы кабарланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG