Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Ооганстанда Гани бийликте калды


Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 22-декабрь, 2019-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 22-декабрь, 2019-жыл.

Ооганстандын шайлоо комиссиясынын чечими менен Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду.

28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо ар кандай техникалык жүйөлөрдөн улам бир нече жолу жылдырылган. Акыры, 22-декабрда баш калаа Кабулда өткөн басма сөз жыйынында Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын башчысы Хава Алам Нуристани үч ай мурда өткөн добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, азыркы президент Ашраф Гани добуштардын 50,6% топтоп экинчи мөөнөткө калды. Ал эми Ганинин башкы атаандашы, аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулланы шайлоочулардын 39,5% колдогон. Гани бул жыйынтыкты кубаттаса, Абдулла четке какты.

- Шайлоодогу арыздарды кароо боюнча комиссия мыйзамдын негизинде бардык арыздарды дыккат карап чыгат деп күтөбүз. Биз алар жасалма добуштарды жок кылып, таза добуштарды гана санап, мыйзамдын негизинде жыйынтык жарыялашын талап кылабыз,-деди Абдулла.

Абдулла Абдулла. 22-декабрь, 2019-жыл.
Абдулла Абдулла. 22-декабрь, 2019-жыл.

Ал ноябрь айында өзү жеңип чыккан аймактарда добуштарды кайра эсептөөгө каршы чыккан эле. Декабрда кайра макулдугун берген. Ошол кезде Абдулланын миңдеген тарапташтары баш калаа Кабулга чогулуп, «добуштарды саноодо бурмалоо болуп жатканын» айтып, нааразылыгын билдиришкен.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин Гани телевидение аркылуу жасаган кайрылуусунда 40 жылдан бери ар кандай жаңжалдардан баш көтөрө албай келаткан мамлекетти саздан сууруп чыгууга убада берди.

- Биз улуттук ишенимге карай, бөлүнүүдөн биримдикке карай багыт алдык.

Бириккен Улуттар Уюму менен АКШ да жыйынтыктардын алдын-ала жарыяланышын кубатташты. Эгер соңку расмий жыйынтыктар да өзгөрбөй, Гани экинчи мөөнөткө калса, ал талибдер менен тынчтык сүйлөшүүдө башкы ролдо болууну талап кылат.

Гани жана анын өкмөтү буга чейин АКШ менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы соңку бир жылдан бери уланып келаткан сүйлөшүүлөргө аралашкан эмес. 2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болууга көнүп, мунасага келишкен эле. Бирок ошондон бери эле экөөнүн тиреши токтой элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG