Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Ооганстанда шайлоо алдында чабуул күчөдү


Ооганстандын Парван провинциясындагы жардыруу. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын Парван провинциясындагы жардыруу. 17-сентябрь, 2019-жыл.

17-сентябрда Ооганстанда эки жерде болгон жардыруудан кеминде 46 киши набыт болду. Парван провинциясында президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, 24 киши мүрт кетти.

Шейшембиде Парвандын ооруканасынан маалымдашкандай, бул чабуулдан жаракат алгандардын саны 30дан ашты. Президент Гани өзү жабыркабаганын анын жардамчысы билдирди.

Парвандын полиция башчысынын орун басары Абдул Васи Гулбахари, «Азаттыктын» ооган кызматына билдиргендей, жарылуу президент Гани полициянын окуу имаратында турган кезде болгон.

Ашраф Гани провинциянын борбору Чарикарга, 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген.

Ашраф Гани, Ооганстандын президенти. 12-сентябрь, 2019-жыл.
Ашраф Гани, Ооганстандын президенти. 12-сентябрь, 2019-жыл.

«Жанкечти бомба коюлган мотоцикл минип келип, жыйын өтүп жаткан жайга жакын көзөмөл бекетин сүздү», - деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими.

Аймактык оорукананын башчысы Сангин «Азаттыкка» билдиргендей, жарадар болгондордун ичинен 11 киши оор абалда жатат, арасында аялдар менен балдар да бар.

«Тез жардам унаалары дагы эле иштеп жатышат, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн», - деди дарыгер.

22 адамдын өмүрүн кыйган жанкечти

Кабулдагы жардыруудан кийин, Ооганстан. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Кабулдагы жардыруудан кийин, Ооганстан. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Ушул эле күнү түш оогондо Кабулдун борборунда дагы бир жанкечтинин жардыруусунан 22 адам мерт болуп, 38 киши жаракат алган. Кол салуулардын экөөнө тең жоопкерчиликти талибдер алды.

16-сентябрда Ооганстанда америкалык бир аскер жана кеминде жети жай тургун каза болгон. НАТО баштаган «Чечкиндүү колдоо» миссиясы америкалык аскер салгылашта курман болгонун маалымдады. Ушуну менен жыл башынан бери Ооганстанда АКШнын 17 аскери окко учту.

«Талибан» кыймылы элди шайлоого катыштырбоо максатында чабуулдарды күчөтүүгө убада берген.

Ооганстанда президенттик шайлоо 28-сентябрда болот. Ага экинчи президенттик мөөнөткө ат салышып жаткан Гани менен бирге дагы 17 талапкер катышып жатат. Шайлоо өнөктүгү Ооганстанда дээрлик күн сайын адам өмүрүн алган чабуулдар менен коштолууда.

9-сентябрда АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүлөр токтогонун жарыялаган эле. Сүйлөшүүнү токтотууга 2-сентябрда согушкерлердин Кабулда 12 кишинин өмүрүн алган жардырууну уюштурушу себеп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG