Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Ооганстан: шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо кечикти


Ооганстандагы бюллетендер салынган кутулар.
Ооганстандагы бюллетендер салынган кутулар.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин шайлоодогу башкы атаандашы, аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан бюллетендерди саноону токтотууну талап кылды.

Ал өз байкоочуларын чакыртып ала турганын жана азыркыдай жол менен саналган добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты. Ашраф Гани да, Абдулла Абдулла да 28-сентябрдагы шайлоодо укатканын жарыялап, бири бирин добуш берүүнү бурмалап жатат деп айыптаган.

Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла президенттик шайлоодогу бюллетендерди кайра саноо иши мыйзам бузуу жолу менен жүрүп жатат деп эсептейт. Ал мындан ары анын байкоочулары Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын бюллетендерди кайрадан санап чыгуу ишине катышпай турганын да эскертти.

Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

- Бул коркутуу эмес. Эгер комиссия биздин байкоочулар жок эле кайра саноону уланта турган болсо, анда биз башка чараларды кабыл алууга мажбур болобуз. Биздин аракеттер дайыма тынч жана мыйзамдуу болот. Биз чара көрө турганыбыздан эч кандай күмөн болбосун.

28-сентябрдагы шайлоодо азыркы президент Ашраф Гани да, Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла да утканын жарыялап, бири бирин добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап жатат деп айыпташкан.

Бюллетендерди саноодогу катачылыктар, техникалык кемчиликтер жана шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын дал келбестиги айрым жерлерде шайлоо жыйынтыгын кайра саноого алып келген. Ошондон улам добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы улам артка жылып, эми 14-ноябрда белгилүү болмок. А негизи, баштапкы планга ылайык, президенттик жарышта ким утканы 19-октябрда эле белгилүү болушу керек эле. Бирок комиссиянын төрайымы Хава Алам Нуристани "ылдамдык үчүн ачык-айкындуулукту курмандыкка чалбай турганын" айткан.

Мыйзамга ылайык, быйылкы президенттик шайлоодо бир да талапкер 50 пайыздан көп добуш албаса, шайлоону экинчи айлампасы өтүшү керек.

- Мен элдин добушу туура колдонулат жана эч кандай бурмалоо болбойт деп үмүттөнөм. Биз Көз карандысыз шайлоо комиссиясы ар бир адамдын укугун урматтап, ким көп добуш алса, ошол адам президент болушу керек, - дейт Кабулдун тургуну Хажы Анвар.

2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болууга көнүп, мунасага келишкен эле. Бирок ошондон бери эле экөөнүн тиреши токтой элек.

Быйыл да шайлоо жыйынтыгынын улам артка жылдырылышы “Талибан” кыймылына, ошондой эле “Ислам мамлекети” радикал тобуна жана башка согушкерлерге каршы күрөшүп келе жаткан Ооганстанда саясий туңгуюкту жаратууда.

Вашингтондун Ооганстандагы ок атышууну токтотуп, тынчтык келишимин түзүүгө багытталган сүйлөшүүлөрү оң жыйынтык берген эмес.

АКШнын Штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин төрагасы Марк Милли ABC телеканалындагы маегинде америкалык аскерлер Ооганстанда дагы бир нече жылга кала турганын айтты.

Генерал өз сөзүндө америкалык күчтөр Ооганстанга 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук чабуулдардан кийин барганын эскертти:

Генерал Марк Милли.
Генерал Марк Милли.

- Биз Ооганстанга бул өлкө эч убакта Кошмо Штаттарга кол салууну көздөгөн террорчулардын калканычы болбойт дегенге көзүбүз жетиши үчүн барганбыз. Бул вазийпабыз аяктай элек. Ийгиликке жетиш үчүн ооган өкмөтү ички коопсуздукту камсыз кылып, террорчуларга башка өлкөлөргө кол салуусуна мүмкүнчүлүк бербегидей болушу зарыл. Мындай аракет 18 жылдан бери көрүлүп келе жатат. Дагы бир нече жыл уланат деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө Ооганстанда АКШнын 14 миңдей аскери кызмат өтөп жатат. Мындан тышкары НАТОнун миңдеген аскери бар.

АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөгү чыр-чатактарга аралашууну токтотуу зарыл деген көз карашын буга чейин бир нече жолу билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG