Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

ТИМ кызматкеринин өлүмү иликтене баштады


Кыргызстан коронавируска каршы 29-марттан тарта кытай вакцинасы менен эмдөөнү баштаган. 

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары, 39 жаштагы Бахтияр Шакировдун өлүмүн атайын комиссия иликтеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду деген маалыматты расмий төгүндөдү. Кыргызстан 29-марттан тарта кытай вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнү баштаган.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөн кишилердин тизмесинде жок. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Шакировдун колунда эмдөөнүн изи жок болуп чыккан:

«Арты кайырлуу болсун, бул кишиге да жаман болуптур. Бул жерде тизмеде жок. Бул киши "ийне алды" деген маалыматыбыз бар болчу. Биздин Жалдагы ооруканадан антибиотик алыптыр, ошондон каза болуп калыптыр, реакция болуптур деп укканбыз. Бирок, алардын чечими 14 күндө чыгат, ал жакта да комиссия иштеп жатат. Алар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал жарандын колунда биздин вакцинанын изи жок деген маалымат беришти».

Республикалык соттук-медициналык экспертизанын акыркы тыянагы 14 күн аралыгында чыгат.

Шакиров Жал кичи районундагы Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордон ийне сайдырганы айтылып жатат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү басылмалардын бирине балдар ооруканасында түнкүсүн эмне себептен чоң кишиге тамчылатма дары сайылганы териштирилип, күнөөлүүлөр жазага тартыларын айтты.

Бахтияр Шакиров эмдөөдөн кийин каза болуп калыптыр деген маалыматты алгач "Фейсбук" баракчасына Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова жазган. Ал маркумдун туугандары өзүнө телефон чалганын айтууда:

«Мага тааныш адамдарым телефон чалды. Эртең мененки саат 8.00 болчу. "Елена эже, биздин тууганыбыз каза болуп калды, кытайлык вакцина менен эмдөөдөн өткөн" дешти. Маркумдун алысыраак туугандары».

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, аны Ленин райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканын билдирди.

Улан Жумаков.
Улан Жумаков.

«Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет».

Кыргызстан 29-марттан тарта кытай вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнү баштаган.

Вакцина саюудан мурда адамдын дене табы текшерилип, абалы, мурда кийин кандай оорулар менен ооруганы суралат. Эмдөө алгандан соң байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Дарыгерлердин айтуусунда бул убакытта алардын абалы жакшы болсо гана кое берилет. Андан кийин үч күн дагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, телефон аркылуу абалы суралат.

COVID-19: Вакцина алуу эмне үчүн маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:10 0:00

Өткөн жылы коронавирус менен ооруп айыккан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 62 жаштагы дарыгери Эмил Шаршеналиев төрт күн мурун эмдөөдөн өткөн. Ал вакцина эч кандай реакция бербегенин билдирди:

«62 жаштамын, өнөкөт ооруларым, бронхитим, аллергиям бар, ошого карабастан вакцина алдым. Алганда эч кандай реакция болгон жок. Сайганда ооруган деле жок, кечинде дене табым көтөрүлгөн деле жок. Ортодо төрт күн өттү, өзүмдү жакшы сезип жатам. Мени көрүп алып, башка кызматкерлер келишиптир да».

Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда азыр эмдөө жүрүп жатат. Өзүн Аман Баязбеков деп тааныштырган медицина кызматкери өз эрки менен эмдөөдөн өтүү үчүн келгенин айтты:

«Мен баарын дыкат окуп чыктым. Өз эрким менен сайдырып жатам».

2-апрелде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, айрым адамдар аныкталбаган, жалган маалымат таратып, кыргыз коомчулугу арасында терс пикир жаратууда деп айыптады.

"Мындай иштер эки элдин достугуна көлөкө гана түшүрбөстөн, маркумдун элесине сөз тийгизет",- деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 15-20-апрелге чейин 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрүүнү максат кылган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кийинки жумада бардык региондордо эмдөө башталарын, вакцинанын башка колго түшүп калышы мүмкүн эместигин маалымдады:

«Вакциналар облустарга жеткирилди. Биз башка региондорду да планга киргизгенбиз. Биринчи күндөн тарта башка облустар да эмдөөгө кошулат. Бул вакцина аэропорттон келгенден баштап, улуттук кампада сакталат. Улуттук кампа өкмөт токтому менен стратегиялык объект деп табылган жана Улуттук коопсуздук комитетинин көзөмөлүндө».

Кыргызстанда 29-марттан тарта эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Учурда Бишкек шаарында – 5, Ош шаарында – 2, Кант шаарында – 1, Сокулук районунда – 1 пункт ачылган. 2-апрелге карата 417 адам эмдөөдөн өттү. Бишкекте 153, Ош шаарында 123 адам, калганы Сокулук, Кантта. Алгач медицина кызматкерлери эмделүүдө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG