Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Баштала элек эмдөөдөн баш тарткандар чыкты


Кыргызстанда келерки аптадан баштап коронавируска каршы кытайлык компаниянын вакцинасы менен эмдөө башталат. Ал вакцина менен эмдөөгө каршы болгондор да бар.

Кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина менен адегенде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделээри маалым болду.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсү "COVID-19 вирусуна каршы эмдөө кандай жүрөт? Кыргыз мамлекети дагы кандай вакциналарды алганы жатат? Эмдөөгө байланыштуу кандай кооптуу жагдайлар бар?" деген суроолорго жооп издеди.

Талкууга Эмдөө жана вакцинация боюнча глобалдык альянстын Кыргызстан боюнча техникалык координатору, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова, Саламаттык сактоо багытындагы эскперт Бермет Барктабасова катышты.

Асыкбекова: Кыргызстанга вакциналар үч жол менен келгени жатат. Биринчиси, Эмдөө жана вакцинация боюнча глобалдык альянс линиясы боюнча. Экинчиси, Кытайдан, Орусиядан келе турган вакциналар. Үчүнчүсү, донорлордун жардамы аркылуу келе турган вакциналар болуп жатат. Учурда эмдөө жүрө турган вакцина бул Кыргызстанга келип түшкөн кытайлык SinoPharm компаниясына тиешелүү. Эмдөөнү улуттук пландын негизинде 29-мартта баштайбыз. Ал үч этапта жүрөт.

Биринчи этапта медицина кызматкерлери, мугалимдер, күч органдары, иши кылып мамлекеттик мекемелерде иштегендер камтылат. Андан сырткары 65 жаштан жогорку курактагы адамдар да эмделет.

Экинчи этапта өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө пландалууда. Үчүнчү этапта каалаган адамдар эмдөөдөн өтөт. Эң башкысы, баардык этаптарда элдин каалоосуна коюлат. Эч кандай мажбурлоо болбойт.
Бирок азыр баш тарткандар аябагандай көп болуп жатат. Мындай аракеттердин себептери жана санын эмдөө башталгандан кийин биле алабыз.

Азаттык: Мындай баш тартуулар аталган вакцинадан күмөн жаратуулардан улам болуп жатса керек. Азыр кыргызстандыктар эмделе турган Кытайдын вакцинасы COVAX тутумуна киргенби? Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) тастыктоосунан өткөнбү?

Асыкбекова: Кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина COVAX тутумуна кирген эмес. ДССУ баардык эле вакциналарды сертификацияланган деп беришет. Кыргызстанда эксперттердин илимий-техникалык тобу бар. Алар 26-мартта SinoPharm вакцинасына байланыштуу чечим бериши керек да.

Барктабасова: Мен илимий далилденген медицинанын өкүлү катары вакциналар боюнча акыркы финалдык отчётторун күтөм. Себеби, буга чейинки маалыматтар, пресс-релиздер баары реклама катары берилүүдө. Алдын ала натыйжалар акыркы чечим эмес. Вакциналардын адам ден соолугуна зыяны жоктугу тууралуу, таасири жөнүндө акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы азыр жок. Эмдөөдөн бир нече күндөн кийин эч нерсе болбогону менен бир жылдан кийин эмне болору али белгисиз. Бул бизнес. Бул жүз миллиарддык рынок.

Эң башкы суроо тезирээк вакцина алуу эмес, анын натыйжасында болушу керек. Бул суроого жооп жок туруп, “вакцина алуу кечигип жатат” деп айтканыбыз туура эмес. Андан сырткары, вакциналар коргоо реакциясын пайда кылабы? Өлүм санын азайта алабы? Мындай соболдорго да жооп жок. Мен түшүнөм, учурда саясатчыларга, өкмөт башында тургандарга чечим кабыл алуу кыйын. Кыргызстан көз каранды, ээрчиме өлкө. Айланасындагы супер державалар баары бир таасир этет. Эч кимди капа кылбаш үчүн 500 миңди тигинден алганы жатат. 150 миңди мындан алды. Бир миллион эки жүз миңди COVAX тутумунан алганы турат.

Мамлекет кепилдик бериштин ордуна текшерилбеген вакцинаны "алгыла" деп айтып жатышат. Ошон үчүн ар бир адам өзү чечим кабыл алышы керек. Адамдарга кепилдик берилиши зарыл.

Андан сырткары ПЧР-тесттердин көрсөткүчү кынтыксыз дегенден алыс болушубуз керек. Канча медицина кызматкерлери мына ушундай анализдердин айынан кенемте ала албай жүрүшөт. COVID-19 вирустук инфекциясы менен күрөштө алешемдиктер толтура.

Азаттык: Эгер көпчүлүк адамдар Кытайдын же дагы башка вакциналарды албайбыз деп айтышса, мамлекет кандай кадамдарды жасайт?

Асыкбекова: Маалыматтын көптүгүнө байланыштуубу, элдин көбү "Орусиянын вакцинасын алабыз. Кытайдан келген вакцинаны албайбыз" деп жатышат. Бул нерсе маалыматтардын агымына да көз каранды болушу мүмкүн. Негизи, Кытай вакцинасы боюнча маалыматтар өтө аз экен. Кытай компаниясы өзү берген инструкциясында организмге терс таасири жок экенин жазган. Чындыгында, ар бир вакцинанын терс таасири болот.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүнүн видеосун толугу менен бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG