Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Эмдөө: Кыргыз илимпоздору Кытайдын вакцинасына бүтүм чыгарышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын илимпоздору Кытайдын вакцинасын колдонууга жарамдуу экендигин тастыктаган кортунду чыгарышы керек, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова "Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" берүүсүндө.

Анын айтымында Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина менен кыргызстандыктарды эмдеш үчүн эксперттердин илимий-техникалык тобунун бүтүмү чыгышы зарыл. Андай чечим бүгүн - 26-мартта кабыл алынышы мүмкүн.

“Кытайдын бул вакцинасы “COVAX” системасына кирген эмес. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму негизинен баардык вакциналарга тастыктама беришет. Бул вакцина менен оору жаңы болуп жатпайбы. Муну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзгөчө кылдаалдагы вакциналардын тизмесине киргизиптир. Мындан тышкары Кыргызстанда эксперттердин илимий-техникалык тобу бар. Алар бул вакцинаны колдонууга болот, деген бүтүм чыгарышы керек. Ага жараша аталган вакцина менен эмдөөгө болот деген жыйынтык чыгат. Бүтүм бүгүн же ушул аптанын ичинде чыгышы керек”, - деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө - 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

26-марттагы маалыматка ылайык өлкөдө коронавирус жуктургандын жалпы саны 87 858ге жетти, каза болгондор - 1494 адам. (MiK)

XS
SM
MD
LG