Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Лукашенконун режимине каршы чыккан демонстранттар кармалды


"Эркиндик күнү" бейрасмий майрамы. Минск, Беларус. 2021-жылдын 25-марты.
"Эркиндик күнү" бейрасмий майрамы. Минск, Беларус. 2021-жылдын 25-марты.

Оппозициячыл лидер Светлана Тихановскаянын Александр Лукашенконун режимине каршы нааразылык чараларынын жаңы толкунун баштоо чакырыгын колдоого алып, 25-мартта Беларустун Минск жана башка шаарларынын көчөлөрүнө чыккан калайык бийликтердин катаал мамилесине туш болушту. Өлкөдө бейшембиде 200дөн ашуун киши кармалгандыгын расмий Минск билдирди.

Бейшемби күнкү нааразылык чаралары 1918-жылы 25-мартта негизделген жана кыска гана мөөнөткө өкүм сүргөн Беларус Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн бейрасмий белгилөө менен дал келди.

Тихановская айым беларустарды жыл сайын өткөрүлө турган «Эркиндик Күнү» («Дзен Воли») майрамын колдонуп, авторитардык лидерге кысым көрсөтүү жана демократиячыл баалуулуктар үчүн улуттук биримдикти тастыктоо үчүн 25-мартта нааразылык жыйындарына чыгууга чакырган.


2020-жылдын 9-августундагы бурмаланган президенттик шайлоонун жыйынтыктарын калайыктын бир бөлүгү четке кагып, бийликтерге ырааттуу каршы чыгууда. Ошол күндөн тартып бул Чыгыш Европадагы пост-советтик өлкө саясий кризиске кептелип келет.

Бул жолу да Минск шаарындагы нааразылык чаралары полициянын катаал каршылыгына кабылды. Полиция жарандык укуктарын пайдаланып, нааразылык жыйындарына чыккан демонстранттардын коопсуздугун камсыз кылуудан баш тартты.

“Эл аралык Мунапыс” (“Эмнести Интернэшнл”) укук коргоо уюму бийликтердин демонстранттарга карата катаал мамилесине тынчсыздануусун билдирди.

Демонстранттарды кармоого даярданган жоокерлер. Минск. 2021-жылдын 25-марты.
Демонстранттарды кармоого даярданган жоокерлер. Минск. 2021-жылдын 25-марты.


Коопсуздук күчтөрү, анын ичинде полиция жана Ички иштер министрлигинин аскерлери, аскердик унаалар жана полициянын жабык унаалары нааразылык жыйындары өтө электе эле Минск шаарынын ар кайсы жерлеринде алдын ала жайгаштырылганы кабардалган болчу.


Демонстранттардын көпчүлүгү туңгуч эгемен жумурияттын ак–кызыл–ак түстөгү желегин көтөрүп алышкан. Алар түштөн кийин Минск шаарынын борборуна бет алышты. Айрымдар Октябрь аянтына чогулду. Көчөлөрдө ары-бери өтүп жаткан автоунаалар тилектештик билдирип, сигнал берип жатышты.

Бозгундагы беларустар оппозицияны колдоп, Европарламенттин имаратынын алдында жыйын өткөрүштү. Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 25-марты.
Бозгундагы беларустар оппозицияны колдоп, Европарламенттин имаратынын алдында жыйын өткөрүштү. Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 25-марты.

Ички иштер министрлиги кечке жуук өлкө боюнча уруксатсыз чогулуштарга катышты деген доого байланыштуу 200дөн ашуун киши кармалганын билдирди. Беларустук укук коргоочу “Вясна» («Жаз») уюму 25-мартта Беларустун ордо шаарынын өзүндө эле 126 киши полиция тарабынан кармалганын билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG