22-мартта Чыгыш Европадагы эгеменчил жана либерал саясатчылардын бири Викентий Константин (Кастус) Калиновскийдин ысымы эскерилип келет. Бул инсан – ким? Аны бир түстүү боёк менен гана сыпаттоо керекпи? Тарыхчынын блогу.
2021-жылы 22-мартта Литва парламенти менен Беларус оппозициясынын бозгундагы жетекчиси Светлана Тихановскаянын кеңсеси биргелешип саясий шерине (форум) өткөрдү. Бул шерине Беларус кирииптер болгон учурдагы саясий кризистен чыгуу жолдору тууралуу да талкуулай тургандыгы алдын ала маалымдалган. Саясий шерине “Калиновский шеринеси” деп аталып калды.
Шериненин алдында саясатчылар тобу Вильнюс шаарындагы Ликушкес аянтына келип, Викентий Константин (Кастус) Калиновскийдин арбагына таазим кылып, гүлдесте коюшту. Бул окуя тууралуу Светлана Тихановская өзүнүн “Твиттердеги” барагында жарыялады.
Тасма. “Твиттерде” Светлана Тихановская жарыялаган тасмада Кастус Калиновский дарга асылган Лукиш аянтындагы гүлдесте коюу жөрөлгөсү чагылдырылган. Вильнюс, Литва. 2021-жылдын 22-марты.
“Бул күнү беларус, литва жана поляк баатыры Кастус Калиновский өлүм жазасына тартылган. @IngridaSimonyte, @VCmilyte, @ZygisPavilionis менен биргеликте Калиновский өлүм жазасына тартылган Лукишкес (Лукиш) аянтына келип, зулумдукка каршы тургандардын лидери болгону үчүн ага арнап гүлдесте койдук”, – деп Тихановская жазды.
Деги Калиновский ким болгон?
Викентий Константин (Кастус) Семёнович Калиновский (полякча: Wincenty Konstanty Kalinowski, беларусча: Вікенцій-Канстанцін (Кастусь) Сямёнавіч Каліноўскі) – XIX кылымдагы коомдук ишмер, революционер-демократ, публицист, акын, журналист жана укукчу. Аны Польшада, Литвада жана Беларуста улуттук баатыр деп баалашат.
Викентий Калиновский 1838-жылы 2-февралда (эски Юлий жыл санагына караганда, 21-январда) падышалык Орусияга караштуу Гродно аймагындагы Мостовлянь жергесинде туулган жана 1864-жылы 22-мартта (эски жыл санак боюнча 10-мартта) падышалык Орусияга караштуу Вильна аймагынын Вильна шаарында (азыркы Вильнюс) Лукиш аянтында эгеменчил көтөрүлүштүн жетекчиси катары орусиялык баскынчылар тарабынан дарга асылган.
Бул боштондук күрөштү жетектеген инсан бир эле учурда үч башка элдин эгеменчил баатыры катары саналгандыгынын жөнү бар.
Маселен, 1864–65-жылдары (Калиновскийге доорлош учурда) кыргыздын баатыр колбашчысы Алымкул аталык (лашкер башы) Асан бий уулунун (1831–1865) падышалык Орусиянын Түштүк Казакстанга жана ага чектеш Ташкен аймагына баскынчылыгына каршы аскердик өнөктүктү жетектегендиги үчүн кыргыз, өзбек жана казак элдеринин (кеңири алганда, жалпы Түркстандын) боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр катары каралуусу абзел.
Ал эми орусиячыл маанайдагы кишилер бир кездери Үмөтаалы Ормон уулун, Осмон датка Тайлак уулун, Алымкул аталыкты, Полот ханды чанган сыяктуу эле, Беларуста да идеологиялык чидердин айынан Калиновскийди “баатыр дебейбиз” деп чанган кишилер аз эмес болду.
Калиновскийлердин тек жааты Польшадагы Мазовиядан чыккан. Бул аймакта Калиновскийлердин санжырасы XV кылымдын аягынан бери айтылып келе жатат.
Андан кийин Калиновскийлердин бир бутагы Вильна, Гродно, Витебск, Волынск, Ковенск, Минск, Могилев жана Подольск аймактарында катталган. Алар Польша падышалыгынын дворяндарынын тизмесиндеги I жана IV бөлүктөрүнө кирген 13 бутакка жиктелген.
Калиновскийдин ата-бабалары жүз жылга жакын мезгил бою Беларус менен Польшанын чек араларындагы Браньск жергесиндеги Калиново чарбагына ээ болушкан, бирок XVIII кылымдын экинчи жарымында ал чарбак сатылып кеткен.
Викентийдин атасы – Семён Калиновский (беларусча: Сымон (Сямён) Каліноўскі, полякча: Szymon Kalinowski). Ал Гроднодогу жерсиз дворян, чакан токуу фабрикасынын ээси болгон. Викентийдин энеси – Вероника Рыбинская. Ал Викентий 5 жашар кезинде көз жумган.
Викентий туулган кыштак – Мостовляны (азыркы Польшанын Подляск воеводствосундагы кыштак) болчу.
Викентий Константин Калиновскийди теги боюнча поляк же беларус болчу деп талашып-тартышкандар азыр да аз эмес.
Муну Кокон хандыгынын төбөлү болгон үчүн эле Алымкул аталыкты, Алымбек датканы жаңылыштыктан өзбек деп жазып жиберген учурларга салыштырсак, же болбосо, түпкү теги швед ак сөөк даражасына жеткен гамбургдук немис болгону менен, эгемен Финляндия үчүн опол тоодой эмгек сиңирген маршал Карл Густав Маннергеймдин мисалына салыштырсак болот.
Калиновскийдин беларусча "Кастус" (“Кастусь”) деген каймана атынын келип чыгышы боюнча да талаш-тартыштардын чети оюла элек.
Демократ агартуучу жана ыңкылапчы жолбашчы
1856–1860-жылдары Викентий Константин Калиновский падышалык Орусиядагы мыкты окуу жайлардан болгон Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетинде окуган.
Студенттик жылдары ал агасы Виктор Калиновский менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы студенттик жамааттардын ишине жана революциячыл чөйрөлөргө жигердүү катышкан.
Анын саясий көз карашына өзү жекече тааныш болгон ыңкылапчылар Ярослав Домбровский (полякча: Jarosław Dąbrowski; 13.11.1836, Житомир, Волынск аймагы — 23.5.1871, Париж) жана Валерий Антоний Врублевский (полякча: Walery Antoni Wróblewski, беларусча: Валеры Антоні Ўрублеўскі; 15.12.1836 — 05.8.1908) терең из калтырган.
Ага орусиялык ойчулдар Н.Г.Чернышевский менен А.И.Герцендин публицисттик идеялары жана Польшанын улуттук-боштондук кыймылынын салттары да зор таасир берген.
Атажуртуна кайтып келген Калиновский шериги Врублевский жана башкалар менен бирдикте 1861-жылы Гродно жана Вильна аймактарында бирдиктүү тымызын уюмга кирген революциячыл ийримдерди түзгөн.
1862-жылы Калиновский бул ийримдерди багыттаган “Кыймыл Комитети” (кийинчерээк Литва аймактык комитети деп аталган) деген саясий блокту жетектеп калган.
1862–1863-жылдары ал Беларуста (поляк латын алфавитин колдонуп) туңгуч ыңкылапчыл басылма болгон “Эрендер чындыгы” (“Mużyckaja prauda") гезитин басып чыгарууга жана таратууга жетекчилик кылган. Бул гезитке ал «Ясько-гаспадар из-под Вильни» деген каймана ат менен кол коюп макалалар жазган. Басылманы редакторлоого Врублевский колкабыш кылган.
Бул гезит 1862-жылдын июлунан 1863-жылдын апрели аралыгында Беларус, Литва, Латвия жана Польшада жашыруун таркатылган.
Айтмакчы, Калиновскийди литвалык боштондук кыймылынын да бараандуу өкүлү санашат.
Калиновскийдин санаалаштарынын бири Ю.Яновский мындай деп эскерген: “Комитет боюнча бул жагынан эң көрүнүктүү киши – Константин Калиновский болгон. Ал ошол кезде Литвадагы эң акылдуу, билимдүү, таза, изги сапаттарга ээ, айкөлдүк, акыл-эс жана күч-кубат толкутуп турган эрендердин бири болгон. Ал Ата Мекенге болгон сүйүүнүн жалынын элге жайылтып, Литва менен Беларусту жөө кезип чыккан... Ал шляхта менен эч кандай байланыш түзүүнү каалаган эмес жана элге гана таянган. Ал Литванын Польша менен байланышы федералдык гана негизде болушу керек деп санап, Литванын толук көз карандысыздыгын жактаган”.
Поляк иши – биздин ишибиз, бул – эркиндиктин ишиВикентий Калиновский
Калиновский поляк элинин падышалык Орусиянын баскынчылыгына каршы улуттук-боштондук күрөшүн жигердүү колдогон. Ал поляк калкына арналган поляк тилинде чыккан "Эркиндик Туусу" гезитин чыгарууга да катышкан.
Калиновский Беларустагы алдыңкы ыңкылапчы күчтөр Польшадагы ыңкылапчыл кыймыл менен эриш-аркак иш алып баруусу керек деп санаган жана анын ийгилигинин негизинде Беларус менен Литвага өз алдынча башкарууну кепилдей алабыз, деп ойлогон.
Калиновскийдин урааны: "Поляк иши – биздин ишибиз, бул – эркиндиктин иши" чакырыгы болгон.
Калиновский 1863-жылы мурдагы Литва Улуу герцогдугунун (азыркы Беларус менен Литванын аймагы) жерлериндеги антиорусиялык көтөрүлүштү жетектеп, бул элдик көтөрүлүштүн чек арадан чыгышка жана түндүккө жайылышы үчүн дыйкандардын ага кеңири камтылышын жактаган.
Ал эми согушкусу келбеген дыйкандардын кээ бир топтору, бирок, бул көтөрүлүштү кабыл алышкан эмес, ал тургай кээде Орусия падышалыгынын аскерлери менен биргеликте Калиновскийдин кошуундарына каршы согушкан. Бардыгы сыйда болгон деп айтуу кыйын. Мындай кайчы пикирге ээ дыйкандардын өкүлдөрүнө карата эгеменчилер Калиновскийдин жетекчилиги астында террордук жана башка коркутуу ыкмаларын колдонушкандыгы кийин даректер аркылуу тастыкталды.
1863-жылдагы эгеменчилердин мындай жазалоочу иш-аракеттеринин курмандыктарынын тизмеси 2021-жылы биринчи жолу жарык көрдү.
Арийне, падышалык Орусия улуттук боштондук көтөрүлүштүн катышуучуларына карата мындан алда канча эселеген ырайымсыздык менен жооп берген.
Расмий маалыматтар боюнча, Литва менен Беларуста 128 көтөрүлүшчү өлүм жазасына тартылып, 853 киши каторгалык оор жумушка, 504 киши – Сибирге жайкын абакка (поселение) жөнөтүлгөн. 825 киши бардык укуктарынан ажыратылган.
Көтөрүлүштүн 320 катышуучусу катардагы жоокер макамы менен Орусиянын аскерлерине жөнөтүлгөн, ал эми 767 киши – түрмө роталарына жөнөтүлгөн. Жалпысынан, көтөрүлүш аймактарынан 12 483 киши чыгарылган.
Калиновский 1864-жылы эски жыл санак боюнча 17-январдан 18-январга караганда (28-январдан 29-январга караган түнү) Вильна шаарында камакка алынган. Ал камерада жатып, "Дарга асылаарда жазылган каттар" деп аталган кайрылуу жазып, жеткирүүгө жетишкен, дешет.
Анын саптарында: “...Агайындар, эгерде адамга илимге жетүүгө, акылмандыкты өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, анда дүйнөдө андан чоң бакыт жок. Ошондо гана ал камсыз болуп жашайт, ошондо гана ал өз тагдырын өзү башкарат... анткени илим аркылуу акылды байытып, сезимдерди өрчүтүп, ал бүткүл элине чын жүрөктөн сүйүү менен мамиле кылат.
Бирок күн менен түн бирге колдошуп жүрбөгөн сыяктуу эле, чыныгы илим москалдык кулчулукка эч сыйлыгышпайт. Качанкыга чейин биз бул зулумдуктун таман астында кала берчү болсок, ошого чейин бизде эч нерсе болбойт, бизде чындык да, байлык да, эч кандай илим да болбойт жана бизди жакшылык үчүн эмес, куруп жок болушубуз үчүн мал сымал айдай беришет...”, – деген саясий сезимди ойготкуч өздөр бар.
Бул кайрылууну ал абакта эмес, камалаардан мурдараак үгүт үчүн жазган, деген жоромол да бар. Кандай болсо да, эркиндик идеялары ширелген бул кайрылуу Калиновскийдики экендигинде күмөн жок.
Тергөө учурунда Калиновский өзүн бекем жана ишенимдүү кармаган. Жазаны жеңилдетүү үчүн ага тымызын жолуккан батирлерди жана сыр сөздөрдү, ошондой эле көтөрүлүштүн башка лидерлеринин ысымдарын атоо сунушу берилгенде, ал каармандык менен баш тарткан.
Бизде дворяндар жок, бардыгыбыз – тең укуктуубуз!Викентий Калиновский
Абакта 42 күн жаткан соң, Калиновский 1864-жылы 10-мартта (22-мартта), саат 10:00дор чамасында, Вильнадагы Лукишск (Лукишка, Лукишсек) аянтында өлүм жазасына тартылган.
Күбөлөрдүн айтымында, ал дарга асылаар алдында жазалоочулардын өкүлү өкүм менен тааныштырып жатып, анын ысымын “дворян Викентий Калиновский” деп атаганда, ал үнүн бекем чыгарып: “Бизде дворяндар жок, бардыгыбыз – тең укуктуубуз!” деп кыйкырган.
Баатырдын сөөгү 2017-жылы табылган
Падышалык жазалоочулар тарабынан анын сөөгү Вильнюстагы айтылуу Гедиминдин мунарасы жайгашкан Сепилдүү тоонун башындагы дарактардын арасында жашыруун түрдө көмүлгөн.
XXI кылымдын башында гана литвалык археологдор анын сөөгүн кокусунан эле таап алышты. Бул тууралуу 2017-жылы 1-сентябрда “Приграничный Евросоюз” интернет барагы шардана кылды.
Кийин маалым болгондой, бул сөөктөр шашылыш жана тымызын көмүлгөн жер тегизделип, анын үстү крикет ойной турган жай болуп калган.
Көтөрүлүштү басуу учурунда Сепил тоонун аймагы Вильна шаарынын тургундары үчүн жабык болчу, анткени мында баскынчыл орус аскер гарнизону жайгашкан. Ошондуктан баскынчылар көтөрүлүш жетекчилеринин жана жигердүү катышуучуларынын сөөктөрүн (жалпысынан, 20 кишинин сөөгүн) жергиликтүү тургундардын көзүнөн далдаа болгон дал ушул жайга баш-аламан ыргытып көөмп салышкан.
Көмүлгөндөрдүн бири – көтөрүлүш жолбашчыларынын бири Зигмунт Сераковский экендиги оңой табылган. Анын сөөгүнүн жанынан жубайы Аполлония экөөнүн ысымы чегелип жазылган алтын шакек чыккан. Кээ бир кишилердин (маселен, Раймунд Земацкий, Титус Далевский) сөөктөрү бир туугандарынын же алардын урпактарынын ДНКсы аркылуу аныкталган.
Калиновский да ичине кирген 20 көтөрүлүшчүнүн сөөктөрү арууланып, 2019-жылдын 22-ноябрында Вильнюс шаарындагы Расу көрүстөнүндө арууланып жерге берилген.
Эми, 22-мартта Вильнюста Беларус оппозиция өкүлдөрү менен литвалык депутаттар жана башка укук коргоочулар биргелешип өткөргөн саясий шериненин Калиновскийдин ысымын алып жатышы – анын өлбөс-өчпөс бейнесине жана ишмердигине карата сый-урмат катары символдук зор мааниге ээ.