Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Тихановская беларустарды митингге чыгууга үндөдү


Беларустагы Эркиндик күнү
Беларустагы Эркиндик күнү

Беларустун оппозиция лидери Светлана Тихановская 25-мартта мекендештерин Александр Лукашенкого каршы митингге чыгууга чакырды.

Бул жолку каршылык акциясы кыска мөөнөткө өкүм сүргөн Беларус элдик республикасынын түзүлгөнүнө карата жылда белгиленген Эркиндик күнүнө туура келди.

Беларустун бозгундагы оппозиция лидери Светлана Тихановская беларустарды жылда белгиленчү Эркиндик күнүн Минскиде жана башка шаарларда көчө митингдерин өткөрүү үчүн пайдаланууга үндөдү:

“Урматтуу беларустар, бир жыл мурун ушул учурдагы өзүңөрдү ойлогулачы. Силер мамлекет адамдарды дайыма алдап, мазактагандан чарчадыңар. Силер ашканада мындай жашоого мүмкүн эместигин айтасыңар, бирок иш жүзүндө андай кылбайсыңар. Мен бардык нерсе өзгөрөт деп ишенем. Силер дагы эки айдан кийин эмне болорун элестете албайсыңар. Жайында бизде жаңы жашоо башталат”.

Каршылык акциялары Беларусту 1994-жылдан бери, туура 27 жыл башкарып жаткан авторитардык лидерге каршы багытталып, бул боюнча жарандардын тилектештигин көрсөтө турганы белгиленди. Светлана Тихановская "Твиттерине" оппозициянын кызыл-ак түсүн колдонуп, Эркиндик күнүнүн урматына салют атылган видеону койду.

Полиция Минскидеги акциянын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоодон баш тартып, аны өткөрүүгө жарандык активисттерге макулдук берген эмес.

Беларустун элдик фронту оппозициялык партиясынын төрагасы Рыгор Кастусев полиция макулдук берилбеген каршылык акциясында коопсуздукту камсыздоодон баш тартуу себебин пандемияга карата чектөөлөр жана Телеграм каналдардагы экстремисттик чакырыктар менен байланыштырганын билдирди.

“25-мартка чейин бул чечимди сотко даттанууга мүмкүн эмес. Анткени митингди уюштурууга шаардык аткаруу комитетинен расмий уруксат берилбейт”.

9-мартта Беларустун социал-демократтар партиясы, “Эркиндик үчүн” кыймылы жана “Кайра жаралуу” коомдук уюму Эркиндик күнүнө карата митинг, жүрүштөрдү өткөрүүгө уруксат сурап, Минскинин шаардык аткаруу комитетине кайрылган. Бирок ошондо эле чиновниктер уюштуруучулар менен жолугушууну каалабаганы байкалган.

Светлана Тихановская буга чейин Телеграм каналына Лукашенко соңку мезгилде Беларустагы кооптуу саясий кризиске эле өбөлгө түзбөстөн, суверендүүлүктүн башкы коркунучу болуп калганын жазган.

“Лукашенко Беларусту акча насыясына алмашып, колдоо табуу үчүн бөлүп-бөлүп, сатууга аракеттенүүдө”.

Amnesty International эл аралык уюму бийликтин мындай мамилесине кабатырлануусун билдирди. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струзерс полициянын 25-марттагы митингге карата реакциясы катаал зомбулук чаралары менен коштолушу мүмкүн экенин эскертип, чет элдик дипломаттарды бул күнү демонстранттардын укугун коргоого чакырды.

“Дүйнө бул коркунучтардын алдында аларды жөн эле карап отура албайт. Ошондуктан чет элдик дипломаттар өз иммунитетин пайдаланып, полициянын зомбулугун алдын алуу үчүн 25-марттагы каршылык акциясына байкоо салууга тийиш”.

Беларустагы кезектеги каршылык акциясы өлкөнүн расмий мамлекеттик майрамы болгон Эркиндик күнүнө дал келди. 1918-жылы өз алдынча эгемен республика түзүлүп, бирок болгону бир жылдай гана жашаган Беларус Элдик Республикасынын түзүлгөнүнө быйыл 25-мартта 103 жыл болот. Бул күн Беларуста 1989-жылдан бери жыл сайын расмий майрам катары белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG