Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Сулайманов парламенттик шайлоого артыкчылыктуу добуш берүү ыкмасын сунуштоодо


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешиин айрым депуттары тарабынан парламенттик шайлоого артыкчылыктуу (преференциалдык) добуш берүү ыкмасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 25-мартта биринчи окууда кызуу талкууланды.

Баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго парламенттик шайлоо системасынын кемчилиги дагы себеп болгонун белгилеп, бул мыйзам долбоору учурдун талабы экенин билдирди. Мыйзам кабыл алынса, жарандар шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандоосу үчүн мүмкүнчүлүк болот.

“Эл биздин тизмебизди тандап, кимдерди депутат кылып, табигый люстрация жасап берет. Көп депутаттарга сунуштап көрсөттүм, эки тандоочу жер болот. Партияны тандоо болот, анан депутаттын номурун тандайт. Негизги маселе, элдин түз шайлоо укугун кайтарып берүү. Көпчүлүк эл азыр бир мандаттууну эңсеп жатат. Ошондуктан жабык тизме эмес, эл өзү татыктуу талапкерин өзү тандасын. Эл өзү тандагандан кийин депутат жоопкерчиликти дагы сезет. Партия лидерлери тизмени бекитпеши керек. Алар “ким парламентке татыктуу” деп, тизмени сунушташы керек”, - деди Сулайманов.

Сулайманов сунушталып жаткан артыкчылыктуу система Европанын айрым өлкөлөрүндө колдонулаарын айтып, аны бир мандаттуу шайлоо ыкмасынын заманбап түрү деп сыпаттады. Сулайманов мыйзам долбоорун түшүндүрүп жатып, өлкө боюнча бир округ болоорун жана аялдар квотасы сакталаарын белгиледи. Шайлоочу алгач бюллетендеги партияны, андан кийин анын ичиндеги талапкердин номурун тандайт.

Бул мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-майында коомдук талкууга коюлуп, ошол эле жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов сунушталып жаткан мыйзам жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын пикирин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн сурады.

Шайлдабекова сунушту “прогрессивдүү система” деп баалап, Борбордук шайлоо комиссиясынын преференциалдык система менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирген.

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90 киши болду. Бирок парламенттин шайлоо системасы көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарынан, калган 55ин партиялык система менен шайлоо жөнүндө сунуш айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG