Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Чек ара: кыргыз-өзбек өкмөттүк делегациялары протоколго кол коюшту


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргызстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация Өзбекстан менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүсүн Ташкентте өткөрүп, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Анын мазмуну тууралуу кеңири маалымат 26-мартта басма сөз жыйынында берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Камчыбек Ташиев баштаган делегация 24-25-мартта Өзбекстандын борборунда кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациясы жана демаркациясы боюнча өкмөт аралык жыйынга катышты.

25-март күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов жетектеген делегация да Ташкентке барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өкмөт аралык комиссиянын тогузунчу отурумуна катышат.

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган. Айрым эксперттер чек аранын калган бөлүгү узак жылдардан бери тирешүүгө себеп болгон оор тилкелер экенин белгилешүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG