Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирди.

Маек 1-мартта жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга 2-3-мартта боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген.

"Бизде 30 жылдан бери жемкорлуктун тамыры тереңге кеткен. Кыргызстан боюнча 300 адам менен алардын үй-бүлөлөрү гана абдан байып кеткен. Ошонун айынан үч ирет революция болду. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби – таза эмес, адилетсиз шайлоолордон улам чыкты. Ошондуктан, биз буга чейинки президенттердин катасын кайталабай, таза шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор да болот, референдум өтөт. Аны да таза өткөрөбүз. Андан кийин күздө парламенттик шайлоо болот. Муну да таза өткөрөбүз. Биздин мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин - баарына бирдей болушу керек. Азыр биз ошол мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз".

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелге белгиленген.

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы расмий кабарланган.

Президент чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG