Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

УКМК: Оштун губернатору негиздеген партиянын шайлоого аттанганы тынчсыздандырат


2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодогу добуш саноо жараяны.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодогу добуш саноо жараяны.

Улуттук коопсуздук комитети 1-мартта маалымат таратып, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган күчтөрдү мыйзамды сактоого чакырды.

Мекеменин билдирүүсүндө өкмөттүн Ош облусундагы азыркы өкүлү Жарасул Абдураимов негиздеген "Ишеним" партиясынын шайлоого катышуу ниети тынчсыздануу жаратып жатканы айтылган.

Административдик ресурстун колдонулушу, адилетсиз шайлоо 2020-жылдын октябрындагы окуяларга себеп болгону белгиленген. Атайын кызмат саясий күчтөрдүн мыйзам бузган учурлары аныкталса аларга чара көрүлө турганын эскертти.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү "Азаттыкка" Жарасул Абдураимовдун "Ишеним" партиясына тиешеси жок экенин билдирди. Маалыматка караганда, азыр аталган партияны Мирлан Ибаков жетектеп жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Абдураимов негиздөөчү катары көрсөтүлгөн "Ишеним" партиясы 2011-жылы Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Партия быйыл Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн арыз берген.

Абдураимов 2020-жылдын 19-октябрында бул кызматка дайындалган. (NT/DU)

XS
SM
MD
LG