Эл аралык космос станциясынын (МКС) борт инженери Сергей Кудь-Сверчков Ысык-Көлдүн сүрөтүн "Твиттердеги" баракчасына жайгаштырды.
Сүрөт 21-февралда космостон тартылган жана андан уюлгуган көл бороонун көрүүгө болот.
"Ысык-Көл - күмүш карлуу тоолордун курчоосундагы кымбат баалуу таш сыяктуу. Космостогу экипаж көлдү ушундай көрөбүз", - деп жазды Сергей Кудь-Сверчков.
Анын теги казакстандык жана Орусиядан космоско учкан 124-космонавт болуп саналат.
Ал Эл аралык космос станциясына 2020-жылдын 14-октябрында барган. (BCh)