Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Орусиядан башкалка сураган түркмөн активисти Түркияга депортацияланды


Розгелди Чолиев
Розгелди Чолиев

Орусиядан саясий башпаанек сураган түркмөн активисти Розгелди Чолиев Түркияга депортацияланды. Ал өз арызы боюнча чечимди күтүп бир айга жакын Шереметьево аба майданында жашап жаткан. Эми Түркия аны Түркмөнстанга өткөрүп бериши мүмкүн деп укук коргоочулар чочулап жатышат.

Ашгабаттык Чолиев Карачай-Черкес мамлекеттик университетинде дене тарбия факультетинде окуган. 2020-жылы январда ал окуудан чыгып кеткен. Кийин ушул эле университеттин даярдоо курсуна кайра жазылган.


Анын түркмөн өкмөтүн сынга алган кайрылуусу жарыялангандан кийин окуу жайдын проректору активистке буюм-тайымын жыйнап кетүүгө 20 мүнөт убакыт бере турганын билдирди.

2-марттан бери орусиялык чек арачылар башпаанек берүү боюнча арызын кабыл албай жаткан түркмөнстандык активист Орусиянын президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдогон.

27 жаштагы Розгелди Чолиев үй-бүлөсүн башпаанек суроочу иретинде каттоодон өткөрүүнү, депортацияга жол бербөөнү өтүнүп жаткан.

Анын кайрылуусун Түркмөн Хельсинки уюму "YouTube" каналына жарыялаган. Чолиев өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG