Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Орозо дагы пандемия шартында башталды


Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар кайрадан көбөйүп жаткан маалда мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталды. Адистер ооз ачуу, башка жөрөлгөлөргө киши көп чогулуп, эпидемиологиялык абал ого бетер начарлашы мүмкүн деп кооптонушат.

Көпчүлүк мусулмандар орозону ушуну менен экинчи жыл катары менен пандемиялык чектөөлөрдүн шартында кармап жатат. Бул маалда адатта туугандар, жакындар үйдө же кафелерде болобу, ооз ачууга чогулат, жамаатташып намазга жыгылышат, базар, дүкөндөр кымгуут түшөт. Мунун бардыгы коронавирустун жайылуу ыктымалдыгын ого бетер жогорулатып, саламаттык сактоо системасына күч келиши ажеп эмес.

“Өткөн орозодо санитардык эрежелер сакталбай, ошол маалда киргизилген коменданттык саат шашылыш алынып, мечит, намазканалар эрте ачылгандын кесепетин кийинки айларда сезгенбиз. Андайдын кайталанышынан чочулайбыз,” – деп айтты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык директору Ахмед Ал-Мандхари.

Мындай жагдайда бир катар өлкөлөрдө диниятчылар, диний лидерлер орозо учурунда күндүз вакцина сайдыруу шарият эрежелерин бузбайт деп түшүндүрүп жатышат.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди:

“Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе, башка уколдордой эле эч нерсе болбойт”.

Ошол эле маалда быйыл топтошуп ооз ачууларга чектөө болбой турганын кошумчалады муфтияттын өкүлү.

Пакистандагы мечит, 13-апрель 2021-жыл
Пакистандагы мечит, 13-апрель 2021-жыл

Ал эми Сауд Арабиясынын бийлиги эл көп топтолбосун деп, мечиттерде ооз ачууга жана ооз бекитүү уюштурууга тыюу салды.

Падышалыктын бийлиги умрага COVID-19 илдетине каршы эмделген зыяратчыларды гана кое бере турганын эскерткен.

Түркия соңку күндөрдө инфекция жугузгандар кескин көбөйүп кеткен шартта эпидемиянын жайылышын алдын алуу үчүн жаңы чараларды жарыялаганы жатат. Буга чейин 29-марттан тартып дем алыш күндөрү зарыл иши болбосо эле сыртка бейчеки чыгууга тыюу салынган жана ресторан, кафе, башка тамактануучу жайлардын иши чектелген.

Египет өткөн орозодо мечиттерди убактылуу жапкан, бирок кийин жума намаздарына уруксат берген. Быйыл айрым чектөөлөр менен тараба намазын мечиттерде окуса болот. Коменданттык саат киргизилген Иордания менен Тунисте андайга жол берилбейт.

Иранда Нооруз майрамынан кийин коронавируска чалдыккандар көбөйгөндүктөн, өткөн дем алыштан тартып 10 күндүк карантин жарыяланды.

Пакистанда мечиттер ыйык айда ачык болгону менен, беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү жана 50 жаштан ашкандар киргизилбейт. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги чектөөлөр көз жаздымда калышы ыктымал деп чочулайт.

Жакарта, 12-апрель 2021-жыл
Жакарта, 12-апрель 2021-жыл

Эң көп калктуу өлкөнүн – Индонезиянын бийлиги Орозо айтта элдин чоң шаарлардан айылдарга агылышынын алдын алуу үчүн эки жакка каттоого чектөө салганы жатат.

"Пандемияга карабай момун мусулмандар мечитке барып намазга жыгылууга дилгир. Мечиттер борбордук жана жергиликтүү бийликтер киргизген бардык санитардык-гигиеналык протоколдорду сактап жатат", - деди индонезиялык динзар Мухаммад Иззи.

Ал тапта калкынын 14 процентин мусулмандар түзгөн Индия орусиялык "Sputnik V" вакцинасын жактырды. Башкача айтканда, бул препаратты жапырт эмдөө үчүн колдонсо болот.

Азыр өлкөдө "Oxford-AstraZeneca" чыгарган вакцинаны жана индиялык "Covaxin" препаратын колдонуп жатышат. 13-апрелге чейин 100 миллиондон көп доза вакцина сайылды.

Калкы 1 млрд. 200 млн. кишиден ашкан Индия коронавирус аныкталган адамдардын саны жана өлүм-житим жагынан Бразилиядан ашып өтүп, дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Акыркы бир күн аралыгында 168 миң инфекция жугузган бейтап жана 904 өлүм катталды.

XS
SM
MD
LG