Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

ГРУ тыңчыларынын Чехиядагы изи


Британияда Сергей Скрипаль менен Юлия Скрипалды ууландырууга шектелген ГРУнун агенттери Анатолий Чепига (Руслан Боширов) жана Александр Мышкин (Александр Петров).
Британияда Сергей Скрипаль менен Юлия Скрипалды ууландырууга шектелген ГРУнун агенттери Анатолий Чепига (Руслан Боширов) жана Александр Мышкин (Александр Петров).

Чехия 2014-жылкы жарылууга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Чех полициясы Солсбери окуясында аты аталган ГРУнун тыңчылары "Александр Петров" менен "Руслан Бошировго" издөө салды. Москва Праганын соңку кадамынын кесепети болоорун эскертти.

Чехиянын Врбетице кыштагында дээрлик алты жарым жыл мурда болгон жарылуу Прага менен Москванын ортосундагы жаңы чыңалууга жол ачты. 17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиядагы тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганын жарыялады.

"Биздин коопсуздук кызматтарыбыздын иликтөөлөрүнүн жүрүшүндө алынган анык далилдердин негизинде мен 2014-жылы Врбетицедеги ок-дары кампасында болгон жарылууда Орусиянын аскердик чалгындоо кызматы - ГРУнун 29155-бөлүгүнүн мүчөлөрүнүн ролу боюнча негиздүү шек бар деп жарыялайм. Бул жарылуу эбегейсиз чоң материалдык чыгымга себеп болуп, көптөгөн жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигине коркунуч туудурган жана эң маанилүүсү, биздин эки жараныбыздын - өз үй-бүлөлөрүнүн бейкапар жүргөн, бейкүнөө аталарынын өмүрүн алган", - деди чех премьер-министри Бабиш.

Ал Чехия суверендүү мамлекет экенин, мындай жорук-жосундарга тиешелүү деңгээлде жооп кайтарышы зарылдыгын белгиледи. Бул окуя тууралуу президент Милош Земан кабардар экендиги жана ал Тышкы иштер министрлигинин орус дипломаттарына байланыштуу чечимин колдогондугу маалымдалды.

Чехиянын тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан ички иштер министр Ян Гамачектин айтымында, Орусиянын чалгындоо кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп табылган дипломаттарга 48 сааттын ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук берилди.

Гамачек чех элчилери Еврошаркеттеги жана НАТОдогу өнөктөш өлкөлөргө Врбетице окуясынын чоо-жайы тууралуу маалымат берип жатканын, Европа Биримдигинин башкы дипломаттары бул маселени 19-апрелде талкуулай турганын "Твиттерге" жазды.

Орусиянын Прагадагы элчилигинин дарбазасына демонстранттар илип кеткен баннер, 16-апрель, 2021-жыл.
Орусиянын Прагадагы элчилигинин дарбазасына демонстранттар илип кеткен баннер, 16-апрель, 2021-жыл.

Сыры ачык айтылбаган жарылуу

2014-жылдын 16-октябрында Чехиянын чыгышындагы Словакия менен чектеш Злин аймагында жайгашкан Врбетице кыштагындагы кампада 50 тоннадай ок-дары жарылган. Андан эки адамдын өмүрү кыйылган. Эки ай өтпөй 2014-жылдын 3-декабрында ошол эле жайда 13 тонналык ок-дары жарылган.

Жарылууга эмне себеп болгону коомчулукка ачык жарыяланган эмес. Азырынча чех өкмөтүнүн соңку чечимине атайын кызматтардын жаңы маалыматы түрткү бергени же эмне үчүн Прага орусиялыктарга каршы азыр аракетке өткөнү толук белгисиз.

Чехиядагы "Respekt" журналы "Врбетицеде жарылган ок-дарылар Украинага жөнөтүлмөк" деп жазды. 2014-жылы Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда куралдуу кармаш тутанганы белгилүү.

"Respekt" журналы Украина менен мындай ок-дары келишимин болгариялык курал-жарак соодагери Эмилиан Гебрев уюштурганын өз булактарына таянып билдирүүдө. Басылманын маалыматы боюнча, Врбетицедеги жарылуу тууралуу жаңы маалымат өткөн жылы чех тергөөчүлөрүнүн колуна тийген жана чех өкмөтүнүн чалгын комитети бул маселени эки апта мурда талкуулаган.

"Деталдарын ачыкка чыгарбастан, мен бул маселе боюнча эл аралык коомчулук менен, анын ичинде Болгария менен кызматташуу жүрүп жатканын ырастай алам", - деп билдирди 18-апрелде чех ички иштер министри Ян Гамачек.

Министр андан бир күн мурда Чехия 2018-жылкы Солсбери окуясында Британия туш болгондой абалда турганын белгилеген.

ГРУнун тыңчыларынын изи

Чех өкмөтү айыптаган Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгы же ГРУнун 29155-бөлүгү Европадагы бир катар киши өлтүрүүлөргө жана саботаж аракеттерине, анын ичинде Британиянын Солсбери шаарындагы чуулгандуу ууландырууга тиешеси бар экени кабарланып келет.

2018-жылдын март айында Солсбериде жашаган мурдагы орус чалгын офицери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия Совет дооруна таандык, нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылган. Дарыгерлер Скрипалдарды өлүмдөн сактап калышса да, "Новичок" заты куюлган атырдын бөтөлкөсү кокустан колуна тийген британиялык бир аял көз жумган.

ГРУнун 29155-бөлүгү 2015-жылы болгариялык Эмилиан Гебревге да кол салганы кабарланып келет. Болгариянын расмий өкүлдөрү чабуулдан аман калган Гебревди "Новичокко" окшош зат менен ууландыруу аракети болгонун билдиришкен. 2019-жылдын январь айында бул окуя боюнча үч орусиялыкка, анын ичинде ГРУнун улук офицерине сыртынан айып тагылган.

Чехиянын орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимин улай чех полициясы ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын шектүү эки тыңчысын издеп жатышканын билдирди. Алар Молдова менен Тажикстандын паспортторун алып жүрүшү ыктымал экени айтылды. Полиция шектүүлөрдүн сүрөттөрүн "Твиттердеги" барагына жарыялады.

Бул адамдар Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу да айыпталып келет. Ачык булактар аркылуу иликтөө жүргүзгөн «Bellingcat» уюму бул эки киши ГРУнун 29155-бөлүгүндө иштерин аныктап, алардын чыныгы ысымдары Александр Мишкин жана Анатолий Чепига экенин таап чыккан.

Батыш Чехияны колдойт

Чех полициясынын маалыматына ылайык, Солсберидеги окуядан кийин дүйнөгө атагы чыккан бул эки киши 2014-жылы Врбетицеде жарылуу болгондо да Чехиянын Злин аймагында болушкан. Кантсе да Врбетице окуясы Чехияда коммунисттик доор аяктаган 1989-жылдан берки Прага менен Москванын ортосундагы эң чоң дипломатиялык араздашууга негиз берди.

Чех Сенатынын президенти Милош Вистрчил Врбетицедеги жарылууну "мамлекет жасаган терроризм" деп мүнөздөсө болоорун айтты. АКШ менен Британия бул маселеде Чехияга тилектеш экенин билдиришти.

"ГРУ кооптуу жана душманчыл операцияларын ишке ашыруу үчүн кандай аракеттерге чейин бара аларын ачыкка чыгарган биздин чех өнөктөштөрүбүзгө Британия толук колдоосун көрсөтөт", - деп жазды "Твиттерге" британ тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Орусиянын Прагадагы элчилигинин өкүлү орус дипломаттарын чыгаруу тууралуу чех өкмөтүнүн чечиминен кабардар экенин орусиялык "Интерфакс" маалымат агенттигине билдирди. Агенттик жазгандай, Москва чех өкмөтүнүн мындай аракетинин кесепети болорун эскертүүдө.

"Прага мындай фокустан кийин эмне болоорун жакшы билет", - деп айтты Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова.

Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетитинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров Москва Праганын чечимине жараша жооп бериши керек экенин "ТАСС" жаңылыктар агенттигине айтты.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG